Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ахматбек Келдибеков өзүнүн кирешелери жөнүндө: «Мен башкаларга окшоп үйдө жатып албай, иштеп жатам»

 ЖКтин мурдагы спикери мамкызматтан кеткенден кийин кайсы акчага жашап жатканын, эмне үчүн аны «бакиевдик» кадр деп айтуу туура эмес экенин ж.б. суроолорго жооп берди

Акыркы күндөрү саясий аренада алда канча активдешип, журналисттерге да ачык боло баштаганы байкалган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков биздин редакциянын маек куруп берүү өтүнүчүн четке какпай, суроолорубузга жооп берди. Мурдагы спикер Vesti.kg сайтынын кабарчысына берген маегинде Кыргызстандагы учурдагы саясий абалга кандай көз карашта экенин, акыркы резонанстуу окуялар боюнча өз пикирин билдирип, жеке кирешелери туурасында жооп берип, ошондой эле башка дагы маанилүү темаларды сөз кылды.

Учурдагы саясий абалга сиз кандай баа бересиз?

Бүгүнкү күндө саясий абалды аздыр-көптүр туруктуу деп айтууга болот. Бардыгы өз нугунда бара жатат. Алдыда парламенттик шайлоолор. Активдүү үгүт иштери менимче беш айдан кийин башталат. Азыркы күндө эл ойгонду, жарандар Жогорку Кеңешти сынга алып, кийинки парламент кандай болору өздөрүнөн көз каранды экенин түшүндү деп эсептейм. Болочок шайлоо мурдагылардан айырмаланат деп ишенем.

Кыргызстанда учурда Алмазбек Атамбаевдин тегерегендегилерге карата репрессия жүрүп жатканын айтышкан мурдагы президенттин тарапташтарынын сөздөрүнө кошуласызбы?

Репрессиялар Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн башкаруусу маалында болгон. Ал кайдагы бир арыздардын негизинде «Ата-Журттун» 16 мүчөсүн, ошондой эле Бекболот Талгарбековду, Бектур Асанов жана башкаларды камаган кезде. Алар болсо колдоруна курал алган эмес, адамдарды аткан эмес, өзүнүн үйүнүн территориясын өзүнчө мамлекет деп атап алган эмес да. Учурда болуп жаткандар - кол менен жасалган кылмыш иштерин моюн менен тартуу. Кой-Таштагы окуялар маалында спецназдын бир жоокери каза болду, дагы бир нече милиция кызматкери жаракат алышты. Бул факт жана оор кылмыш. Экономикалык кылмыштар боюнча болсо, азырынча кимдир-бирөөнү күнөөлүү деп айтууга али эрте. Соттун чечими чыга элек.

Коомчулукта сизди дагы деле «бакиевдик» кадр дешкендер бар...

Мен Аскар Акаев президент болуп турган кезде эле министр болгом. Ошол эле Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев Акаевдин маалында жогорку кызматтарды ээлеп турушкан. Мен Сооронбай Жээнбековдон башка бардык президенттер менен иштештим. Ал эми трайбализм менен ооругандарга мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар дайым иштеп келгенимди айтаар элем.

Өмүрүңүздүн көпчүлүгүндө сиз мамлекеттик кызматтарда иштеп келгениңиз белгилүү. Айрым кыргызстандыктарды сиздин кантип бардар кишилердин катарына кошулганыңыз кызыктырат. Бүгүнкү күнү кандай киреше булактарыңыр бар? Бизнесиңиз барбы?

Мен иштейм. Башкаларга окшоп, үйдө жаткан жокмун. Ушунча жылдан бери мен дыйканчылык жана малчылык менен алектенем. Эгерде кимдир-бирөөлөрдү менин мүлкүм кызыктырса, менин декларациям менен таанышышсын. Мен каршы эмесмин. Бизде үй-бүлөсүн араң баккан, үйүнүн тегерегин араң тазалап, эч жерде иштебей отургандар асмандан бай болуп түшүп,элдин баарын багып койгонсуп башкаларга сын тагышат.

Жогорку Кеңештин азыркы курамын көп сынга алышат. Сиз элдин нааразычылыгына кошуласызбы?

Мен парламентке сын тага албайм. Мен эки жолу депутат жана Жогорку Кеңештин төрагасы болгом, бул этикага жатпай калат.

Милиционерлердин катышуусундагы бир нече резонанстуу окуялар ИИМнин башчысына дагы сынды курчутту. Кашкар Жунушалиевдин ишине кандай баа бере аласыз?

Мен ички иштер органдарынын ишине анализ жасабайм. Эгерде ал коомдук коопсуздукту камсыздап жатса, демек ал жакшы министр. Бүгүн ЖМКда жол кырсыгы болобу, мушташпы - айтор, бардык окуяларды жазышат. Эмне себептен келип чыгып жатканын зилидеп, алардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү керек. Мына ушул алардын түздөн түз милдети. Мындан сырткары, ички иштер органдарында 10 миңдей кызматкер эмгектенерин эске алыш керек. Мисалы, эгерде үй-бүлөдө алты бала болсо, алтоонун алты башка мүнөзү болот, туурабы? Ушунча сандагы жумушчусу бар мекемеде ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн. Тартипти жөнгө салуу керек.

Башка маселе: мен милиционерлер жапырт иштен кетип жатышканын уктум. Нааразычылыктарынын бири пенсиондук камсыздоо боюнча каралып жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу экен. Түшүнгөнүмө караганда, алар 63 жаштан пенсияга чыгышат экен. Бул туура эмес. Укук коргоо органынын кызматкери өз үй-бүлөсүн жок дегенде 90 пайызга камсыздаш керек. Алар күнү-түнү эмгектенишет, андыктан, бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек.

Кашкардын ишмердүүлүгү боюнча - жаман эч нерсе айта албайм. Аны жакшы адам катары билем.

Келе жаткан парламенттик шайлоолордо «Ата Журт» партиясынын мүмкүнчүлүктөрүн канчалык баалайсыз?

 Орустар айткандай, генерал болууну самабаган солдат начар солдат. Биз дайыма шайлоолордо жеңип келгенбиз. Кудай кааласа, дагы бир жолу жеңебиз.

Буга чейин сиздердин партия Өмүрбек Бабановдун «Республикасы» менен бириккен. Алдыдагы шайлоодо ири саясатчылардын бири менен күчтөрүңөрдү бириктирүүнү караштырган жоксуздарбы?

Консультациялар жана сүйлөшүүлөр кийинчерээк башталат го деп турам. Консолидация болобу-жокпу да шайлоого жакын билинет го, менимче.

Ушул күндөрү саясат таануучу Денис Бердаков «Мага 350 миң долларга Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын сунушташты» деп билдирди. Сиздин партияда бир орун канча турат?

Ушунча айтканга жараша, Бердаков биротоло ким ага мындайды сунуштаганын айтса болмок. Же унчукпашы керек болчу. Биз орундарды сатпайбыз. Бирок, шайлоо акчасыз өтпөйт. Ар бир партия өзүн өзү каржылайт жана ар бир кандидат өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша акча кошот. Төлөмдүн суммасы депутаттын репутациясына жараша болот, ал эми чогулган каражат үгүт кампаниясына сарпталат. Менин билишимче, кээ бир партияларда «алтын мандат» деген түшүнүк бар. Башкача айтканда, эгерде партия Жогорку Кеңешке өтө турган болсо, белгилүү бир суммадагы акча үчүн талапкер депутаттын мандатын алууга 100 пайыз кепилдик алат.

МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги абал боюнча оюңуз кандай? Сиздин «Райым ата» деп жаңылып сүйлөп алганыңыз көпчүлүктү күлкүгө салды. Буга кыжаалат болгон жоксузбу?

Мен деле маалыматтык атакага чалдыккам. Атамбаевдин маалында мени далай каралашкан. Бүтүндөй бир мамлекеттик машина иштечү: президенттик аппарат, коомдук телеканал, УКМК ж.б. Мунун башында Фарид Ниязов турган. Адамдын күнөөсүн сот гана аныктай алат. Анда болсо, башкы прокуратура кошулуп, бардыгы «атажуртчуларды» кылмышкерлер деп алышкан.

Бүгүн Райымбек Матраимовго каршы кылмыш иши козголгон эмес, суракка чакырылган эмес, ал эми текшерүүлөр али да бүтө элек. МБК тууралуу маселе 2005-жылы эле көтөрүлгөн. Биз депутаттык комиссия түзүп, бажыда текшерүү жүргүзгөнбүз. Райымбек боюнча - кирешелердин статистикасына эле көз салып коюу керек - ал Ошто иштеп турган кезде киреше канчалык көбөйгөн деп. Борбордук бажыга болсо аны Атамбаев өзү алып келген. Ал аны мыкты адис катары сунуштаган. Мурдагы президенттин кызы менен Матраимовдун тууганы мушташып кеткенден кийин эле Матраимов, эмнегедир начар адам болуп калды. Атамбаев менен анын тарапташтары адамды канчалык каралай алышарын мен өзүм жакшы билем. Бул алардын кесиби.

«Раим ата» деп айтып алганым боюнча, кабатыр деле болгон жокмун, албетте. Тескерисинче, мен Райымбекке «Балдарың келечекте ушундай аталыш менен кайрымдуулук фондун ачып, муктаж адамдарга жардам берсин» дедим. Мен Матраимов менен абдан жакшы мамиледемин.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх