Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төшөк мамилесин сунуштаганы айтылган мамлекеттик ишкананын директору кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

 Ишкананын кызматкерлери чогулуп, жумуштан кеткен кыздын сөзүн четке каккан арыз жазышты

«Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын директору кол алдындагы кызматкер аялга «төшөк мамилесин сунуштаганы» боюнча ызуу-чуудан кийин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

- Бул окуя ишкананын ичинде эле эмес,бүткүл Кыргызстанга жайылып кетти, - деди Дүйшеев. Юридикалык баа берилгичекти мен убактылуу кызмат ордумдан кетип жатам. Жооп азырынча ала элекмин. Мамлекеттик ишкананын жамааты кызматтан кеткен аялдардын сөздөрүн четке каккан билдирүү жазышты.



Эске салсак, 12-октябрда «Геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери Vesti.kg сайтына мекеменин жетекчиси ага бир нече ирет төшөк мамилесин сунуштаганын билдирген. Аял интернетке экөөнүн сүйлөшкөн аудио жазуусун жүктөп, кийин Биринчи май районунун ИИБна арыз менен кайрылган.

Эки күн мурда мамлекеттик ишкананын директору Жаныбек Дүйшеев Vesti.kg сайтына анын кол алдындагы кызматкердин айткан сөздөрүн четке каккан. Ал кызматкерин «өзү ойсоңдоп, мага тийишкен» деген.

Медина Купсулдаева
фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх