Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев: Өмүрбек Текебаев - эң тажрыйбалуу депутат

 Ошондой эле Кыргызстандын туңгуч президенти Феликс Куловго дагы ыраазычылыгын билдирди

Өмүрбек Текебаев - эң тажрыйбалуу депутат. Бул тууралуу КРнын туңгуч президенти Аскар Акаев «Азия news» гезитине берген маегинде билдирди.

«Өмүрбек Текебаев эң тажрыйбалуу депутат деп айтсам жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишине ал дайыма активдүү катышып, мыйзам чыгарууга олуттуу салымын кошо алган. Акыркы жылдары ал саясий куугунтукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталышына жол ачылды десек болот. Феликс Кулов менен, тилекке каршы, эч кандай байланышым жок. Бирок, жакында эле анын «Акаев өлкөгө кайтып келиши керек» деген пикирин угуп калдым. Феликс Шаршенбаевичке бул үчүн ыраазычылык билдирем жана бардык жакшылыктарды каалайм», - деп белгилеген ал.

Булак
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх