Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов эмне үчүн ал Алмазбек Атамбаевден өзү кабар алып келбегенин түшүндүрдү

Акыйкатчы жакынкы арада мурдагы президент менен СИЗОдо маектешип келем деп убада кылды

Акыйкатчы Токон Мамытов Vesti.kg сайтына ал жеке өзү Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди УКМКнын СИЗОсуна барып көрбөгөнүн билдирди.
Анын айтымында сентябрда Атамбаевди акыйкатчын орун басары көрүп келген.


- Өзүңүздөр билгендей, акыйкатчынын институту 7-8-августта Кой-Таш айылында болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча өзүнчө комиссия түзгөн, - деп эске салды Токон Болотбекович. - Комиссиянын ишинин алкагында менин орун басарым менен институттун башка кызматкерлери Атамбаевдин бардык тарапташтары жана мурдагы президенттин өзү менен да жолугуп келишкен. Мен өзүм болсо президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана спецназ кызматкерин өлтүрдү деп шектелип жаткан киши менен гана кезиккем.


Мамытов эмне үчүн ал мурдагы президент менен өзү жолукпаганын түшүндүрдү. «Ал кылмыш иши менен таанышып жатканда жолтоо болгум келген жок», - деди ал. Бирок, өлкөнүн башкы укук коргоочусу жакынкы арада Атамбаевди көрүп келүүгө ниеттенип жатканын билдирди.


- Атамбаевге кылмыш иши менен таанышууга убакыт бербей жатышкандыгы боюнча ызуу-чуу болгон, - деди Токон Болотбекович. – Мен ал таанышып бүткүчө күтүп турууну чечтим. Жакынкы арада мен өзүм ага барып, УКМКнын СИЗОсунда кармалуу шарттарына нааразычылыгы жокпу билейин деп жатам.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх