Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКте жалаң патриоттор отурабы? Экс-депутаттар Тазабек Икрамовдун сөзүнө кошулбайт

Лунара Мамытова мурдагы кесиптештери мыйзамдар үчүн добуштарын кантип беришчү экенин айтып берди

Жогорку Кеңеште чынында эле эл үчүн иштегени келген депутаттар бар, бирок, андайлар аз. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы экс-депутат Лунара Мамытова билдирди.

Тактай кетсек, буга чейин депутат Тазабек Икрамов «Азаттыкка» берген маегинде ЖКте «өлкөнүн патриоттору» отурарын айткан.

"Өзүңүздөр билгендей, Жогорку Кеңеште бюджет жок, биз көптөгөн кыскартууларга бардык, - деп белгилеген ал. -Парламентке чыныгы патриоттор гана келет. Мүмкүн, айрымдар бул жакка акча жасагына келишет деп ойлошоттур, бирок, андай эмес. Парламентте мекени үчүн күйгөндөр отурат. Парламентте ыйык трибуна бар».

Икрамов өкмөттө коррупция пайда болсо, бир гана депутаттар буга көңүл бурарын кошумчалаган.

- Мен Тазабек Икрамовичти тааныйм жана ал бардык депутаттар жөнүндө айтпаганына ишенем, - деп белгиледи Мамытова. - Мен парламентти сындагым келбейт. Эл ансыз дагы баарын билет. Бирок, айтаарым, депутаттар ар кандай максаттары менен келишет. Мен мисалы элге жардам берүү үчүн гана барган болчумун. Башка эч нерсе жок. Бирок, өз бизнестеринин пайдасына мыйзамдарды сүрөгөндөр дагы бар.

Лунара Улукбековна кесиптештениринин тигил-же бул мыйзам үчүн добуш берип коюуга бири-биринен суранып жатканына көп жолу күбө болгонун кошумчалады.

- Ал эми, өздөрү добуш берчү эмес, - деп тактады ал. Өз кызыкчылыктарын сүрөп жатат деген сөз болбош үчүн ушундай кылышчу. Албетте, парламент мүчөлөрүнүн арасында калыс адамдар бар, бирок, баары эмес.

Өз кезегинде дагы бир экс-депутат Абдырахман Маматалиев дагы парламент мүчөлөрү патриоттук сезимдери менен гана эмгектенишерине ишенбейт.

- Парламентте чоң тажрыйбага ээ, сабаттуу, мамлекетке көп пайда алып келген адамдар бар. Бирок, алардын саны көп эмес, деди ал Vesti.kg сайтына. - Алардын арасында өз кызыкчылыктарын коргогону келгендер да жок эмес. Бирок, Жогорку Кеңеш биздин коомдун күзгүсү экенин белгилеп кетүү керек. Ар кандай адамдар бар, ал жерде да ошондой.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх