Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу: Азиз Батукаевдин ишинин соту эки жылга чейин созулушу мүмкүн

Нина Зотова 14 айыпталуучунун бардыгы жүз миңдеген сомдук айып пулдарды төлөшкөнүн маалымдады. Аларга эркиндик сунушташкандан кийин, алардын көпчүлүгү өз көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жиберишкен

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук иш узакка созулуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу академик-онколог Абдухалим Раимжановдун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нина Зотова билдирди.


«Айрым фигуранттар жараянды созгонго аракет кылышат, – деп ишенет юрист. -Процесстин 14 катышуучусу тергөө менен макулдашып, өз көрсөтмөлөрүн беришти. СИЗОдон үй камагына чыккысы келгендер иш боюнча айыпталып жаткандардын кээ бирлерине каршы көрсөтмө берүү шартында тергөө менен макулдашышты. Бардык 14 айыпталуучу 10 миңдеген айып пулдарты төлөштү. Айыпталуучулардын көпчүлүгү эркиндик сунушун алышкандан кийин, көрсөтмөлөрүн өзгөртүп жиберишти».

Зотова тергөө Батукаевдин анализдери алмаштырылган деп атканын белгилейт.


«Раимжанов алмаштырган жок да! - дейт жактоочу. Мыйзамдагы ууруну Кыргызстандын аймагынан чыгарууга буйрук бергендер жооп бериш керек. Академик Раимжанов бул ишке эч кандай тиешеси жок экенине терең ишенем. Ал оорулуу, кары киши, араң басат. Кээ бир фигуранттар жараянды созгонго аракет кылышкандыктан, сот, балким, эки жылга узарып кетет. Мынча убакытка Раимжанов физикалык жактан чыдабайт. Кимдир-бирөө Батукаевди КРнын аймагынан чыгарып жиберүүнү каалагынана ал күнөөлүү эмес. Раимжановду анын кол алдындагы эки кызматкери - Ирина Цопова менен Эмил Мукамбетовду СИЗОго камакка алынганы үчүн эле кошуп коюшту. Бул экөөнө «Раимжановго каршы көрсөтмө берсеңер - үй камагына» чыгасыңар деген шарт коюшкан. Мен алардын суу кечпеген калпын сотто айрандай төгөм».


Зотованын айтымында, академик Раимжановду ал Батукаевдин канынын анализдери алмаштырылганын билип туруп, лаборантка Цоповага анализге мыйзамдагы ууру кан рагы менен оорурун көрсөтүүнү буюрган деп айыпталууда.

Толкун Сагынова
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх