Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Шайлоодо акча сунушташса албай, жүрөгүңүздөр менен шайлагыла

Депутат бай партиялар добуштарды сатып ала алгандыктан, шайлоо алдындагы кампания менен баштарын деле көп оорутушпаарын белгиледи

Кыргызстанда шайлоочулардын добуштарын мурда да сатып алып келишкени жана эми да сатып ала беришери эч кимге сыр эмес. Мындай оюн Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев бөлүштү.

- Албетте, мындай болуп атканы өтө жаман нерсе, бул көрүнүш менен күрөшүү керек, - деп белгиледи ал. - Бирок, элдерге жөн эле «Акча албагыла» деп коюу жетишсиз, эч ким укпайт. Ошондуктан, мен бардыгына акчаларын ала берип, бирок, добушту жүрөктөрү менен бериш керектигин айтып келем.

Исхак Абсаматович шайлоо босогосунунун ылдыйлашы үчүн күрөшүүнү улантаарын айтты.

- Азырынча дагы убакыт бар, 9-пайыздык босого - өтө эле жогору экенин дагы деле айта бериш керек, - деп кейиди ал. - Мындай шарттарда Жогорку Кеңешке байлардан башка эч ким өтпөйт. Ал эми алардын акчасы көп болсо, албетте, алар шайлоо алдындагы кампания менен баштарын оорутпай деле койсо болот - добуштарды сатып алышат да.

Ошону менен бирге Масалиев келе жаткан шайлоого катышабы-жокпу азырынча чече элегин айтты.

- Мен бул маселе боюна азырынча ойлоно элекмин, бирок, бир нерсени так кесе айта алам - башка партияга мен кирбейм, - деди парламент өкүлү. -Мен коммунист болчумун, коммунист бойдон эле кала берем. Буга чейин парламентке каалаган саясий бирикме менен келип партияңды өзгөртпөсөң болот болчу да. Азыр бул жобону мыйзамдан алып салышты. Шайлоого барыш үчүн акчаң көп болуш керек. Менде болгону дыйкан чарбам бар, бизнесим жок. Эми депутат болбой калсам эмне болуптур. Мен депутаттык макамымдан деле өзгөчө пайдаланчу эмесмин.


Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх