Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мавлян Аскарбеков:Турганбаев менен Икрамов өз милдеттерин аткарышса кол чапмакмын

Биринчи май районунун акиминин орун басары аткаминерлердин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жетишкен ийгиликтери боюна үн катты

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде айрым аткаминерлерибиздин спорттогу жетишкендиктеринен өзгөчө сыймыкты сезбегенин белгиледи.

- Интернеттен айрым адамдардын дүйнө чемпиону болгон Мелис Турганбаевди чогулуп тосуп алууга элди чакыргандарын көрүп калдым, - деди акимдин орун басары. - Икрамов жөнүндө да жазгандар болбу. Тазабек Икрамов - Жогорку Кеңештин депутаты. Мен болгону «Ал жөнөкөй элдин жашоосун жеңилдетчү мыйзам долбоорун жаздыбы, ЖАМКда Турганбаевди ардактап тосчудай реформалар жүргүзүлдүбү?» деген суроомду бердим.

Мындан сырткары, Мавлян Аскарбеков аткаминерлерге өздөрүнүн түз милдеттери жөнүндө да эске салды.

- ЖКтин депутатынын милдети - өлкө менен жөнөкөй элдин жашоосун жеңилдетчү мыйзамдарды иштеп чыгып, даярдоо - деп сөзүн улантты Биринчи май районунун акиминин орун басары. Мен бул адамдар, эгерде өз милдеттерин так аткарышса: бирөө мыйзам жазып, экинчиси көптөгөн терс көрүнүштөр учураган мекемеде реформа жүргүзсө анан кол чапмакмын. Мен болгону ушул суроолорду ортого салдым. Болгону ушул. Мага - жаран катары абдан кызыктуу - жогорку саясий кызматтарды ээлеген адамдар өздөрүнүн түз милдеттерин аткарышабы же жокпу?

Эске салсак, өткөн жумада Тбилиси шаарында ардагерлер арасында эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өттү. ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев бул турнирде алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталды. ЖКтин депутаты Тазабек Икрамов коло медалга ээ болду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх