Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Конституциялык палата 23-октябрда Атамбаевдин экс-президент макамынын алынганы боюнча арызды карап чыгат

КСДПда судьялардын калыстыгы менен абийирине ишенишерин белгилешти

Конституциялык палата 23-октябрда Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамы мыйзамсыз алынганы боюнча арызды карап чыгат. КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Vesti.kg сайтына берген маегинде судьялардын калыстыгы менен абийирине ишеним артаарын билдирди.

- Соттук коллегиянын курамына Конституциялык палатанын бардык он бир мүчөсү кирет, - деди ал. - Биз өзүбүздүн чындыгыбызга ишенебиз. Жогорку Кеңештин бул токтому мыйзамсыз болгон деп эсептейбиз. Соттордун адилеттүүлүгүнө, абийирине жана көз карандысыздыгына үмүт артабыз. Алмазбек Шаршенович сотто болбойт, анткени, ал жерде арыз берүүчүлөр башка.

Муну менен бирге мурдагы президенттин тарапташтары Конституциялык палатага даректелген кайрылуулары менен өтүнүчтөрүнүн тексттерин тиркешкен.

Конституциялык палатага кайрылуу

Кол тийбестик боюнча  өтүнүч

Өтүнүчкө толуктоо

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх