Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кыргыстандык спортчуга эки бөлмөлүү батир белек кылды

Ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайткан Чынарбек Изабековду чоң белек менен куттуктады

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Байсал Эргешов ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган спортчу Чынарбек Изабековго эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Изабековдун жеңишине арналган иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев ырастады.

- Батирди Байсал Эргешов өзүнүн атынан тартуулады, бул жалпы белек эмес, ал бизнесмен, - деп белгиледи парламент мүчөсү.

Мындан сырткары, Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына спортчуга БШКнин ардак баракчасы ыйгарылганын дагы маалымдашты.

- Жеңишти белгилөө учурунда Байсал Эргешов «Оптима» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары Чынарбек Изабековго курулуп бүткөн үйдөн 78 кв.м. аянтындагы 2 бөлмөлүү батирди белек кылаарын маалымдады, - деп такташты шаардык кеңеште.

Иш-чарага шаардык кеңештин башка депутаттары, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков катышкан.

Эске салсак, аталган турнирде Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күмүш медалга ээ болуп, ал эми ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев алтын медалды жеңип алып, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх