Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда оппозициялык телеканалдар калган жок. Кээ бирлери менен сүйлөшүп алышса, башкаларын коркутуп коюшту»

Бардык уруксат күбөлүктөрүнүн болгонуна карабастан эфирге чыга албай жаткан «Апрель» телеканалынын жамаатынын кайрылуусу

«Апрель» телеканалынын өкүлдөрү билдирүү таратып, анда алар мыйзамсыз түрдө эфирге чыга албай жатышканын өзгөчө белгилешти. Далил катары алар эфирге чыгууга укук берүүчү тийиштүү уруксат документтерин тиркешкен.


Кайрылуунун тексти:

«Кыргызстанда «Апрель» телеканалын бардык керектүү уруксат күбөлүктөрүнүн болгонуна карабастан эфирге чыгарбай коюшту.
2019-жылдын 9-августунда «Апрель» оппозициялык партиясынын жамаатын 15 мүнөттүн ичинде күч менен башкы кеңседен сүрүп чыгышкан. Кайсы бир «тергөөчүнүн» коштоосунда келген куралчан спецназдардын тобу бизге эгерде өзүбүз кетип калбасак, көтөрүп чыгышаарын кыйытышты. Биз жөн гана жылмайып туруп чыгып кеттик. Биз аларга Апрель- бул башкы кеңсе эмес, Апрель -адамдардын акылындагы кеңсе экенин түшүндүрдүк.


Башкы кеңсе жабык жана печатталган. «Апрель ТВ» ЖЧКсынын мүлкү камакка алынды. Буга карабай «Апрель» телеканалы бир мүнөткө да иштебей турган жок. Кайдыгер эмес адамдардын жана медиакоомчулуктун колдоосу менен биз керектүү жабдууларды чогултуп, «тизелеп» жаңы студияларды жабдый алдык десек болот. Биз социалдык тармактарда жана Youtube-каналыбызда өз ишибизди уланттык.

Муну менен эле чектелип калбай биз эфирге чыгууга даярданып жатканбыз, анткени, буга укук берүүчү бардык уруксат документтер колубузда бар эле. «Апрель» телеканалы жалпыга маалымдоо каражаты катары жабылган эмес. КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эфирге чыгууга уруксаты жокко чыгарылган эмес. Биз уктуруу сеткасын даярдап, контент чогултуп, сигналдын телевышкага жетүүсүн техникалык жактан камсыздап койгонбуз.

Бирок, биз эфирге баары бир чыга алган жокпуз. «Апрель» телеканалын эфирге чыгарчу «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелгн коомунун директору Кубат Оторбаев «Апрель» телеканалынын мүлкү камакка алынганын, демек муну менен бирге, телеканалдын «Санариптик технологиялардагы» үлүшү да камакка алынганы менен түшүндүрдү.

Биз өз кезегибизде «Апрелдин» үлүшүнүн камакка алынышы - биз аны менен колдоно албасызбы түшүндүрбөйт экенин белгилейбиз. Камакка үчүнчү колдорго өткөрүп жибербөө максатында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мүлкү гана алынган.


Буга байланыштуу, биз «Апрель» телеканалынын эфирин бууп салуу - Кыргызстанда сөз эркиндигин басуу өнөктүгүнүн уландысы катары баалоого укугубуз бар деп эсептейбиз. «Санариптик технологиялар» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги мындай абалда бул өнөктүктүн авторлору менен уюштуруучуларынын айыпсыз куралына айланды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын телевизиондук эфиринде оппозициялык телеканалдардын калбай калганын өкүнүч менен моюнга алууга туура келет. Кээ бирлери менен сүйлөшүп алышса, башкаларын коркутуп коюшту. «Апрель» телеканалы маалыматтык саясатын өзгөртүп, компромисске барууга макул болгон жок. Жыйынтыкта, анын эфирин жаап салышты.

Биз укук коргоочу уюмдар менен медиакоомчулукка кайрылып, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз жана оппозициялык телеканалдарынын эфирге эркин чыгышын камсыздап берүү үчүн бардык мыйзамдуу каражаттарды колдонуу менен жардам көрсөтүүнү суранабыз», - деп жазылган билдирүүдө.


Фото «Апрель»

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх