Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эл 5 жылда депутаттардан тажап кетет». Бакыт Төрөбаев ЖКтин иштөө мөөнөтүн кыскартууну сунуштады

Парламент мүчөсүнүн идеясы кесиптештеринен колдоо тапкан жок

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн 3 же 4 жылга кыскартуу керек. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында мындай чечимди Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө мүмкүн болгондо - 2020-жылы кабыл алууга болот.

«Парламент сапаттуу иштеген күндө дагы, эл 2-3 жылда депутаттардан тажап калат», - деп белгилеген Төрөбаев.

Ал эми кесиптештери Төрөбаевдин демилгесин колдошкон жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев Vesti.kg сайтына берген маегинде парламенттин конституциялык иштөө мөөнөтү, башкача айтканда беш жыл мыйзам чыгаруучуларга өз ыйгарым укуктарын толук түрдө ишке ашырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

- Депутаттардын мыйзам жазуу вазийпасын алып салуу же иш мөөнөтүн кыскартуу демилгелери парламентаризм институтун кыйратууга багытталган, - деп баса белгиледи ал. - Мындай идеялардан баш тартуу керек, анткени, башкаруунун парламенттик формасы - демократиялык мамлекеттердеги эң өнүккөндөрдүн бири. Ал бардык процесстердин тунуктугун жана мамлекеттик түзүмдөрдүн көзөмөлүн камсыздайт. Биз президенттик башкарууну баштан өткөргөнбүз - бардыгы бир эле адам менен анын үй-бүлөсү үчүн иштечү.

Жеенчороев кыргызстандыктар депутаттардан эмес, алардын аракетсиздигинен тажашарын кошумчалады.

- Эл депутаттарда демилгенин, позициянын жоктугунан чарчашат, - деп эсептейт парламент мүчөсү. - Ал эми алардын алмашуусу партиялык дисциплина менен камсыздалат, анткени, Жогорку Кеңеш партиялардын тизмеси менен түзүлөт. Саясий кеңеш жарандар тарабынан иши терс бааланган адамдын мандатын алып сала алат.

Депутат Зиядин Жамалдинов, өз кезегинде шайлоолорду өткөрүүгө оңой акча кетпесин белгиледи.

-Ар үч жыл сайын шайлоо өткөрүү мамлекеттик бюджет үчүн оор болуп калат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Мыендан сырткары, парламентке жаңы кишилер келип, алар башында тажрыйба топтоп, үйрөнүүгө убакыт коротушат. Буга жарым-бир жыл кетиши мүмкүн. Кийин анан толук деңгээлде иштей башташат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх