Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун тарапташтары: Биз анын бошотулушу үчүн миллион кол чогултабыз

Бүгүнкү күнгө мурдагы депутаттын бошотулушу үчүн 200 миң кыргызстандык кол койду

Соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган тарапташтары миллион кол чогултууга камынышууда. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына алардын бишкектик штабында маалымдашты.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күнгө чейин 200 миң кол топтолгон.

- Чүй облусунан эле 50 миң кол топтолгон, - дешти Садыр Жапаровдун тарапташтарынын штабында. - Бүткүл республика боюнча иш жүрүүдө жана биз Садыр Жапаровдун бошотулушу үчүн миллион кол чогултмакчыбыз.

Белгилендей, кол топтоо 10 аксакал тарабынан демилгеленген.

- Биз болгону тарапташ-активисттери катары анын акталышы үчүн күрөшмөкчүбүз.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдогу митингди уюштуруу жана ошол маалдагы Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11.5 жылга эркинен ажыратылган.


Кийин Жогорку сот Жапаровдун жактоочусунун арызын жарым-жартылай канааттандырып, жаңы кодекстердин күчүнө киргенине байланыштуу жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх