Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор «борбордун ишине бут тосулууда» деген маалыматты четке какты

Анткен менен, Координациялык кеңеште кворумдун жоктугу көйгөй бойдон калууда

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун иши буулган жок, бирок, кворумдун жоктугу чындыгында эле көйгөй жаратууда. Улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов Vesti.kg сайтына Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКтин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун дарегине арыздануулары боюнча ушундай пикирин билдирди.

«Координациялык кеңеш Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жогорку башкаруу органы болуп саналат жана мен - директор катары, аткаруучу болуп саналам, андыктан, кеңештин же анын мүчөлөрүнүн аракеттерине баа берүүнү туура эмес деп эсептейм, - деп белгиледи ал. - Бирок, ошону менен бирге, арызда баяндалган маалыматта түшүнүксүз жана чындыкка коошпогон фактылар бар деп эсептейм.

Мисалга, Сулайманов Финансы министрлиги тарабынан 7 млн сомдун бөлүнгөнүнө кошулбайт.

«Кайдан мындай цифра чыкты, мага түшүнүксүз, - деди директор. - Биз азыр ишкананын бюджетин жогорулатуу маселесин чечүүдөбүз, бирок, бул 7 млн сомго жакын да келбейт. Бул биринчиден. Экинчиден, бул маселе азыр каралуу стадиясында гана».

Мындан сырткары, Улуттук борбордун бюджети 11 эмес 12.5 млн сомго жакын. Ал эми координациялык кеңеш бюджетти бекитпейт, болгону жактырат, деп баса белгиледи ал.

Улуттук борбордун иши буулуп жатканы боюнча Сулайманов бул маалыматтын суу кечпестигин белгиледи.

«Биз мурдагы режимде эле иштеп жатабыз, - деп белгиледи ал. - Жылдын башында пландаштырылган иш жүрүүдө, буга далил - Жогорку Кеңеште жыл сайын берилчү жыйынтык маалыматтар».

Борбордогу бош кызмат орундарына учурда чындыгында эле сынак өтүп жаткан жок. Бирок, директор, Эмгек кодексине ылайык жумуш берүүчү катары адамдарды сынак өткөрүлгүчө «милдетин аткаруучу» кылып дайындоого укугу бар.

«Андыктан, кворумдун жоктугуна байланыштуу биз бүгүн өзгөчө көйгөйдү деле сезген жокпуз, - деп белгиледи Сулайманов. – Баса, координациялык кеңештин кайсы жыйындары туурасында арызда сөз болгону да түшүнүксүз, анткени, кворумдун жоктугунан аларды өткөрүү мүмкүн эмес да».

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасынын милдетин аткаруучу вазийпасын аткарган Өткүр Жаббаровдун «төрага бир жылдан бери Улуттук борбордун ишине бут тосууда» деген арызын жарыялаган эле.

Анын айтымында, спикер Дастан Жумабеков эки жолу болгону курамында көз карандысыз уюмдардан 3 өкүл жана акыйкатчы гана калган Координациялык кеңештин мүчөлөрүн коммерциялык эмес уюмдардын ичинен тандоо боюнча комиссияны түзүп берүү өтүнүчүн көз жаздымда калтырган.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх