Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Президентти жаманатты кылганы жатышат». Апрель революциясынын баатырлары Молдомуса Конгантиев атындагы көчө тууралуу

«Бул реваншизм жана чагымчылыктын жеткен чеги»

ИИМдин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин ысымы менен көчөнү атоону 7-апрелдеги окуяларда жабыркагандар эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли түшүнбөйт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Апрель революциясынын баатырларынын «Эр Теги» коомдук кыймылынын мүчөсү Осунбек Жамансариев билдирди.

Кайсы сиңирген эмгеги үчүн анын атынан көчөнү коюшту, мага түшүнүксүз, - деди ал. - Бакиевдин башкаруу маалында Медет Садыркулов президенттин аппаратынын жетекчиси болгон. Ал жол кырсыгына кабылды дешкен. Кийин Садыркулов киши колдуу болгону аныкталды. Ал кезде ички иштер министри Конгантиев эле. Ал кызмат абалынан пайдаланып, колуна курал алып Таласка кетип калды.

Жамансариев Молдомуса Конгантиевдин ысымы менен көчөнү атоону 7-апрелдеги окуяларда жабыркагандар эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли түшүнбөсүн белгиледи.

- Мына ушул жана башка жагдайларды эске алып, Молдомуса Конгантиев - абийирдүү адам жана мындай сыйга татыктуу деп айтуу туура эмес деп ойлойм, - деп сөзүн улады ал. Мындай адамдары мынтип ардактоо жакшы эмес.

Президенттикке экс-талапкер, апрель революциясынын катышуучусу Токтайым Уметалиева дагы Vesti.kg сайтына берген маегинде Молдомуса Конгантиевдин ысымы менен көчөнү атоону реваншизм катары бааласа болорун айтты.

- Бул апрель революциясынын катышуучуларына каршы чакырык, - деди ал. - Бул реваншизм. Азыр Конгантиевди реабилитация кылууга аракет кылышууда. Бул чагымчылыктын жеткен чеги. Коомчулук азыр ансыз да кыжырданып турат. Мамлекет экономикалык кризисте турат. Ушундай абалда анан ушундай чакырык кылышууда.

Уметалиеванын айтымында бул аракеттер өлкө башчысына каршы багытталган.

- Президент артка кылчайып карашы керек: душманды коомдук инсандардан эмес, жанында отуруп, чечим чыгаргандардын арасынан издеш керек, - деп белгиледи Уметалиева. - Бул жөндөн жок болуп жаткан жок. Уруксат документтерди бирөө сурады да, туурабы? Башка маселе, кантип буга макулдук беришти? Азыр президенттин иши толтура. Кийин аны күнөөлүү кылып коюшат. Ушундай эле жол менен мурдагы өлкө башчыларын дагы жаманатты кылышчу.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх