Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Криминал баш көтөрүп жатат. ИИМ өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө

Депутат өкмөт менен укук коргоо органдары уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө алы келбегенин көрсөтүп койгонун билдирди

Ички иштер министрлиги криминал менен күрөшүүгө алы келбейт. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев ушундай сөзүн айтып чыкты.

Анын айтымында, бул кырдаалдын айынан мамлекеттен инвесторлор кетип жатат.

- Өткөн жумада кафенин ээсин өлтүрүп коюшту, - деп эске салды Акаев. - Бул бизнесмендер үчүн чоң сокку. Бүгүнкү күндө өкмөт мындай маселелерде өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө, криминал башын тике көтөрдү. Мунун айынан ишкерлер Кыргызстандан кетишүүдө. Жарым жыл ичинде эле өлкөдөн 247 миллион чыгып кеткент. Ири эле эмес орто бизнес да кетип жатат. ИИМ криминалдык дүйнө менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Депутат эмнеге укук коргоо органдары кримтөбөлдөрдү эркинен ажыратпаганын түшүнбөсүн айтып, баш чайкады.

- Реформа жүргүзүүгө акча керек деп жатасыздар, - деп белгиледи эл өкүлү.- Кылмышкерлер менен криминалдык төбөлдөрдү темир тор артына киргизүүгө эмне акча керекпи?

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх