Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин макамы боюнча сот: Конституциялык палатанын төрагасын четтетүү боюнча өтүнүш түштү

Жыйында судья Карыпбек Дүйшеев буга чейин Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштегени айтылды

Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамынын алынып салынышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар Конституциялык палатанын эки судьясын четтетүүнү суранышты.

Юрист Нурбек Токтакунов Конституциялык палатанын төрагасы Карыпбек Дүйшеевди четтетүү керектигин билдирди. Ал төрага мурда президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун белгиледи.

- Буга чейин Дүйшеевдин президенттин бир тууганы менен жеке мамилеси болгон, - деп белгиледи Токтакунов. - Мен ал соттук жараянды калыс алып бара албайт деп эсептейм.

Жогорку Кеңештин өкүлдөрү башка судья - Эркинбек Мамыров буга чейин ЖМКда өтө элек соттук жараян боюнча билдирүү тараткандыгы үчүн аны чететтүүнү өтүнүштү.


Соттор чечимди кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх