Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асылбек Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси Атамбаевдин макамынын алынып салынышы боюнча соттук коллегияда калмай болду

Конституциялык палата аны соттук коллегиянын курамынан чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Соттор президенттин бир тууганы менен анын мамилеси иштин акыйкат каралышына тоскоол кылбасын айтышты

Конституциялык палатанын судьялары юрист Нурбек Токтакуновдун Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын алуунун мыйзамдуулугун карап чыгуунун алкагында палатанын төрагасы Карыпбек Дүйшеевди коллегиядан четтетүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок.

Буга чейин Токтакунов Дүйшеев КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен жеке мамилеси бар экенин айтып чыккан эле. Конституциялык палатанын учурдагы төрагасы Асылбек Шарипович ЖКнын спикери кезинде анын кеңешчиси болчу.

Кеңешүүчү бөлмөгө кеткен соттор бул өтүнүчтү четке каккан чечим чыгарышкан. Фемиданын кызматкерлери жыйында Конституциялык палатанын төрагасы Дүйшеев экс-спикер Асылбек Жээнбековдун мурда кеңешчиси болуп иштегени иштин акыйкат жана калыс каралышына эч кандай тоскоол болбосун билдиришти. Конституциялык палата бул жагдай менен каралып жаткан маселенин ортосунда байланышты көрбөгөнүн айтты.

-Бул жерде эмне болуп жатат эч түшүнбөй жатам, - деп дагы бир жолу баш чайкады Нурбек Токтакунов.


Гулиза Чудубаева
фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх