Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты мектептерди ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча сынын айтты

Улугбек Ормонов билим берүү министрине: «Сиз өзүңүздүн буйругуңузга каршы чыгып жатасыз»

«Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзам долбоору билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун мектептеги акча чогултууларга тыюу салган буйругуна каршы келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди. -Сиздин мыйзам долбооруңуз мектептеги акча чогултууга тыюу салган өзүңүздүн эле буйругуңузга каршы келет, - деп белгиледи парламент мүчөсү. - Биз азыр ата-энелердин чөнтөгүнө кол салууга мүмкүндүк берген документти киргизген жатабыз. Бул туура эмес.

Билим берүү министри Каныбек Исаков мектептерди ысык тамак менен камсыз кылууга өз ыктыяры менен акча чогултуларын айтты.

- Документте бул ыктыярдуу төлөмдөр деп турат, - деп баса белгиледи мекеменин башчысы. - Бюджеттен бир бала үчүн 7-10 сом бөлүнөт, ошондой эле кошо каржылоонун дагы каражаттары колдонулат. Биз буга каршы эмеспиз.

Жоопко эл өкүлүн канааттанган жок.

- Ыктыярдуу төлөм бизде эмнени түшүндүрөрүн сиз билесиз да! - деп сөзүн улады Ормонов. - Эгерде бир бала акча төлөбөсө, ага тамак бербей коюшат. 7-10 сом деген да эмне? Ушул акчага ашканадан тамак алса болот деп ойлойсузбу?

Билим берүү министрлигинин өкүлү акча кандайча бөлүштүрүлөрүн депутатка түшүндүрүп берди.

- Биз 7 сом менен балдарды тамактандырууга болбойт экенин түшүнөбүз, - деди аткаминер. Бирок, бизде жалпы казандан болуп жатпайбы. Башкача айтканда биз даяр таттуу бөлкө эмес унду сатып алабыз да.

Улугбек Ормонов мыйзамга каршы эмес экенин, бирок, баары бир аны туура эмес деп эсептээрин кошумчалады.

- Жалпы казандан деп жатасыз. Балтадан ботко жасаган жөнүндө мультфильмди көрсөңүздөр керек? 7 сомго ушундай эле ботко жасалат да, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх