Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпонкул Арабаев: Эгерде бийлик Матраимов боюнча коомдук талкууга жем таштабай, чындыкты айтып койсо, эл тынчып калмак

 Мамлекеттик кадр кызматынын экс-башчысынын айтымында «Раим миллиондун» тегерегиндеги маселелерге чекит коюлушу керек

МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун тегерегиндеги маселелерге чекит коюлушу керек. Бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген юристи, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде бийлик Матраимов боюнча коомдук талкууга жем таштабай, чындыкты айтып койсо, эл тынчып калмак.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 19-октябрында пресс-конференциянын жүрүшүндө бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерип чыгууну буюрган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тийиштүү текшерүүнү ушул жылдын январь айында баштаган. «Финполиция» 24-июлда Раимбек Матраимовдун Кыргызстанда катталган мүлкүн текшерип, жыйынтык чыгарган. Мындан сырткары, мекеме бажы кызматынын башчысынын экс-орун басарынын жана анын жакындарынын өлкө сыртындагы мүлктөрүн аныктоо боюнча тийиштүү сурамдарды жиберген.

Кийинчерээк «Финполиция» Vesti.kg сайтына бул сурамдар боюнча бардык жооптор келе электигин билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх