Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Судья Мамыров Атамбаевдин макамына байланыштуу соттук коллегияга катышпайт

 Конституциялык палата алардын кесиптешинин бейкалыс пикирде болушу мүмкүн экенине макул болду

Конституциялык палата судья Эркинбек Мамыровду ЖМКна берген интервьюсу үчүн четтетүү боюнча өтүнүчтү канааттандырды.

Буга чейин Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргенге чейин жеке пикирин эл алдында айтып чыккан. Жогорку Кеңештин өкүлдөрү бул жагдай Эркинбек Мамыровдун бейкалыстыгынан күмөн санатарын айтып чыгышкан.

Буга байланыштуу, Конституциялык палата парламенттин юристтеринин өтүнүчүн канааттандыруу чечимин кабыл алган. Алар Мамыровго дисциплинардык жаза берилгенин жана ал Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамыныны алынышынын мыйзамдуулугун карап чыгуу боюнча соттук отурумда катышпай турганын белгилешти.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх