Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда аркар-кулжа жана башка жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жылга тыюу салынышы мүмкүн

Түзүлгөн абалга акча төлөп лицензия алган чет элдиктер эмес, өкмөт күнөөлүү

Жогорку Кеңештин депутаттары айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жылга тыюу салууну сунушташууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин Табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаевдин айтымында, жаныбарлар дүйнөсүн 10 жылдык мөөнөткө коргоого 493 миллион сом керектелет.

-Эгерде биз тыюу койсок, штатты көбөйтүп, егерлерди жумушка алууга туура келет. - Жалпы жонунан мораторий убагында 493 миллион сом керек болот.

Парламент мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып Мусаев 2018-жылы республиканын бюджетине аңчылык үчүн лиценция жана айыппулдардын эсебинен 52 миллион сом түшкөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев өлкөнүн жаратылышын сактоого айтылган сумманы бөлүп берүүгө мүмкүн экенин айтты.

- Жаратылыш менен жаныбарларды коргоого жылына 41 миллион сом табууга мүмкүн, - деп белгиледи ал.

Эл өкүлү Тынчтыкбек Шайназаров маалымат берүүчүлөрдү чет элдиктердин катышуусундагы видеотасманы көрсөтүшкөнү үчүн сынга алды.

Мен Лондондо болгом, шаардын чок ортосунда сейрек кездешүүчү жаныбарлар жай жашаган корук бар, - деди ал. - Биз болсо аска-зоолордун чокусунда жашаган жаныбарлардын жанын койбойбуз. Кесиптештер, силер бизге чет элдиктердин аңчылык кылып жаткан видеосун сунуштап, аларды душман катары көрсөтүп жатасыздар. Бирок, алардын күнөөсү жок да. Алар лицензиясын төлөшкен, ал эми түзүлгөн кырдаалга өкмөт жооптуу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары «Кыргыз Республикасындагы айрым жаныбарлардын түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап жатышат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх