Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялдар эркектерге караганда күчтүүрөөк. Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташуудан баш тартты

Адил Турдукулов экс-башкы прокурор анын көрсөтмөлөрүн болгону Атамбаевге каршы колдонгону жатышканын түшүнөт деп эсептейт

Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташуудан баш тартканы - анын көрсөтмөлөрүн учурдагы бийликтин башкы оппоненти менен күрөшүүгө каршы колдонгону жатышканын түшүнгөнүн билдирет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына активист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бөлүштү.

- Башкы прокуратуранын расмий жообуна ылайык, Азиз Батукаевдин иши боюнча 18 шектүүнүн ичинен төртөө тергөө менен кызматташуудан баш тартты, - деди ал. - Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, МЖАКнын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, Гематология борборунун башчысы Абдухалим Раимжанов жана УКМКнын мурдагы төрагасы - учурда качууда жүргөн Бусурманкул Табалдиев бар.

Муну менен бирге Турдукулов Жолдубаеванын позициясынын төркүнү эмнеде жаткандыгын дагы божомолдоду.

- Жолдубаева, биз сыяктуу эле бул 100 пайыз саясий буюртма иш деп эсептейт, - деп кошумчалады ал. - Ал анын көрсөтмөлөрүн учурдагы бийликтин башкы оппоненти менен күрөшүүгө колдонгону жатышканын түшүнөт. Негизи эле, бизде 6-7 жыл мурда орун алган фактылар менен кылмыш ачуу боюнча абдан начар саясий тажрыйба колдонулуп келет. Соттук өндүрүштүн жана кылмыш процессинин негизги принциби - мыйзамсыз аракеттер табылган иштерди дароо жана жеринде иликтөө болуп саналат. Укук коргоо органдары парламенттик комиссия Батукаевдин бошотулушун мыйзамсыз деп тапканда эле чечим кабыл алышы керек болчу.

Адил Турдукуловдун айтымында ошол маалда аракет көрбөгөн укук коргоо органдары жоопкерчиликке тартылышы керек.

Мындан сырткары, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Twitter социалдык тармагындагы баракчасына мурдагы башкы прокурордун эр жүрөктүгүн белгилеген. Турдукулов буга чейин дайыма Жолдубаеваны сындап келгенин, бирок, ал азыр «аялдар эркектерге караганда канчалык күчтүү экенин» көрсөтүп койгонун мойнуна алган.

Эске салсак, буга чейин ИИМ «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуш боюнча кылмыш ишинин 14 шектүүсү тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирген. Алардын арасында мурдагы прокурор Аида Салянова, мурдагы премьер-министр Шамиль Атаханов, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, ЖАМКнын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев, Нарын облусунун прокурорунун мурдагы орун басары Майрамбек Акматалиев, Нарын сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов жана башкалар бар.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх