Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев: Депутаттар Атамбаевдин маалында шайлоодогу босого чекти төмөндөтүү тууралуу үн ката алышкан эмес

Саясатчы 9 пайыздык босого чекти колдоорун билдирди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы шайлоодо добуш топтоо босогосун төмөндөтүүгө каршы. Мындай пикирин ал Фейсбуктагы жеке баракчасында билдирген.

Саясатчы босого чекти төмөндөтүүнүн демилгечилери мурда өздөрү 9 пайыздык чекти колдоп келишкенин белгиледи.

«2020 жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген,азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жургөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү парламентте олтурушкан, эми гана айта башташты. Демек, ошол маалда Атамбаевдин демилгесине каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.
Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, кайсы адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болорун эл чечсин. Аллахым буюруса элдин колдоосу менен парламентке өтүп келебиз!», - деп жазган Ташиев.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Исхак Масалиев ЖКтин профилдик комитетине босого чекти 5 пайызга чейин түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх