Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы ээлеген кызматына шайкештиги боюнча арыз түшкөн кызматкерин Лондонго жөнөттүбү?

БШКтин депутаты Гүлнара Молдобаева муниципалитет алардын кайрылууларына жооп бербей жатканына кыжырданды

Бишкек мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалгынын жетекчиси Аида Рысбаева анын дарегине ээлеген кызматына шайкештиги боюнча арыз түшкөнүнө карабастан Лондонго иш сапарына кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин сессиясында депутат Гүлнара Молдобаева билдирди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Молдобаева мэриянын ишмердигине наараза экенин, алар анын арызын карабай туруп, Рысбаеваны Лондонго жөнөтүшкөнүн айтты.

Молдобаеванын айтымында, арыз жазууга аны аз камсыз үй-бүлөлөр менен пенсионерлерге төлөнчү компенсациянынын көлөмүн бекитүү Рысбаева тарабынан кечиктирилгени түрткөн.

-Жобого ылайык, биз жыл сайын аз камсыз үй-бүлөлөргө акча бөлүп беребиз, - деди Молдобаева. - Жылына бир жолу социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Бишкек шаардык кеңеши менен компенсациянын суммасын 30-июлга чейин бекитиши керек. Бирок, алар муну 2-сентябрда гана бекитишти. Бул убакыт аралыгында отундун баасы 10-15 пайызга кымбаттап кетти. Эгерде алар кенемтенин суммасын 30-июлга чейин бекитип бергенде, пенсионерлер газ менен көмүрдү арзан баада алып калышмак. Биз мэрияга кат жөнөтүп, алардан бул маселени текшерип, Рысбаева боюнча тыянак чыгаруусун суранганбыз. Бирок, ал бюджеттик акчага Лондонго жөнөп кетти.

БШКтин депутатынын айтымында шаардык мэрия акыркы убакытта депутаттардын кайрылууларын көз жаздымда калтырып келет.

Мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев сессияда мындай каттарды дисциплинардык комиссия карарын билдирди.

Материал чыгып жаткан маалда андан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх