Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Икрамжан Илмиянов 180 миң сом айып пул төлөп, жети жарым жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Айыптоочу Атамбаевдин мурдагы кеңешчисине ушундай жазаны сурап жатат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси - Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум уланууда.

Илмиянов жыйындын жүрүшүндө өз күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал, ошондой эле, ага карата ачылган кылмыш иши тууралуу уккандан кийин Кыргызстанга өзү кайтып келгенин белгиледи. Ал аэропорттун аймагынан гана кармалган.

Ал ортодо, жарыш сөз учурунда соттолуучунун жактоочулары Илмияновдун мүлкүн камактан алып салууну соттон өтүнүштү.

Өз кезегинде айыптоочу тарап аны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, ошондой эле 1800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пулга жыгууну суранууда.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында Россияда кармалып, Бишкекке алып келинген.

Ал «Алдамчылык» беренеси боюнча айыпталууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх