Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт Жанар Акаевди «өтө таасирдүү», бирок, ойлонулбаган билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды

Кабминдин басма сөз кызматы депутаттын курч билдирүүсү боюнча үн катты

Кыргызстанда бизнести криминалдык дүйнөдөн эле эмес, кур саясатчылыктан да коргоого туура келет. Мындай билдирүү менен өкмөттүн басма сөз кызматы депутат Жанар Акаевдин «өкмөт криминал менен күрөшүүдө алсыз» деген сөзүнө жооп кайтарды.

Кабминдин комментарийинде мамлекеттеги оңой эмес процесстерге карабастан өлкө ичине кирген тикелей инвестициялардын көлөмү көбөйүп жатканы айтылды.

«Кимдин болбосун дарегине сын айтууда, объективдүү болууга, ал эми башкысы - маселени чечүүгө багытталууга аракет кылуу керек.

Биз бизнеске жардам берип, ишкерлик чөйрөсүн жакшыртууга эмес, таптакыр башка маселелерге кызмат кыла турган, сырттан караганда «өтө таасирдүү», бирок, ойлонулбаган мындай билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат элек.

Капиталдын чыгып кетиши эсептелип, бирок ошол эле кезде сырттан келген тикелей инвестиция да байкаларлык көп болуп жатат. Ушунун өзү өлкөдөгү жеңил эмес саясий процесстерге карабай өкмөттүн инвестицияны коргоодо жетиштүү аракеттерди жасап жатканын көргөзүүдө.ң

Депутат экономиканын саясатташуусунан бизнес жабыр тарткан 2005-жылды жакшы мисал келтирди», - деп белгилешти өкмөттө.

Мындан сырткары алар, үстүбүздөгү жылы өлкөдө Солтон-Сары кениндеги окуя, Атамбаевдин үйүндөгө чабуул сыяктуу чуулуу саясий процесстер жүргөнүн да эске салышты.

«Бул жылы тилекке каршы, чуулуу саясий процесстер, Солтон-Сарыдагы, Кой-Таштагы, Кызыл-Омполдогу окуялар экономикага таасир этпей койгон жок. Бирок, бул объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, өкмөт алардын кесепеттерин болушунча азайтуу менен эле тим болбостон, ишкерликти колдоо маселелеринде олутуу жылыштарга жетишип, экономикалык туруктуулукту сактап келе жатат», - деп кошумчалашты өкмөттө.

Мындан сырткары, өкмөттүн басма сөз кызматы, Бишкек шаарында кечээ-жакында резонанс жаратка ишкердин өлүмү боюнча үн катып, "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен кылмыштын бетин тез убакыттын ичинде ачууга мүмкүн болгонун белгилешти: "Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракети жана “Коопсуз шаар” долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен кыска убакытта кылмыштын бети ачылды. Биз атамекендик бизнестин жана ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек", - деп сөзүн жыйынтыкташты кабминде.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх