Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакетаев: Конституциялык палатынын башчысынын Асылбек Жээнбеков менен байланышы эч нерсени айтпайт

Саясат таануучу соттор Нурбек Токтакуновдун судьяны коллегиянын курамынан чыгаруу өтүнүчөн баш тартып туура кылышты деп ишенет

Конституциялык палата юрист Нурбек Токтакуновдун судья Карыпбек Дүйшеевди коллегиянын курамынан чыгаруу өтүнүчүн четке кагып, туура эле чечим кабыл алышкан. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Бакыт Бакетаев бөлүштү.

Эксперт белгилегендей, Кыргызстан ансыз деле кичинекей мамлекет жана Дүйшеев качандыр бир кезде Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштегени эч нерсени айтпайт.

- Түшүнсөңүздөр, Кыргызстан бул Кытай эмес, - дейт Бакыт Кушбекович. - Биз кичинекей өлкөбүз, адамдардын бири бири менен байланышы бардыгы -кадыресе көрүнүш. Конституциялык палатанын коллегиясы туптуура эле чечим чыгарган.

Ал ортодо башка саясат таануучу Айнура Арзыматова бул боюнча башка пикирде экенин билдирди. Vesti.kg сайтына берген маегинде Конституциялык палатаны бул чечимин адилеттүү деп айтууга эч болбойт.

Арзыматованын айтымында коом дагы бир ирет Фемиданын чечими Алмазбек Атамбаевдин пайдасына болбооруна дагы бирет ишенди.

- Карыпбек Дүйшеев дайыма Асылбек Жээнбековдун жанында болгон, андыктан, ал учурдагы бийликтин тапшырмаларын аткараары айдан ачык, -деп белгиледи Айнура Атыгаевна. - Конституциялык палатанын бардык чечимдерди калыс эмес жана бир тараптуу болот. Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата мыйзамдарды бузуп жатса, кайдагы укуктук мамлекет жөнүндө сөз кылабыз анан?

Эске салсак, кечээ Конституциялык палатанын Алмазбек Атамбаевден экс-президенттик макамынын алынышынын мыйзамдуулугун кароо боюнча жыйынын болуп өттү. Процессте юрист Нурбек Токтакунов Конституциялык палатынын төрагасы Карыпбек Дүйшеев КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы - депутат Асылбек Жээнбекова менен жеке мамилеси бар экенин айтып чыккан. Дүйшеев учурунда Асылбек Жээнбеков ЖКтин төрагасы кезинде анын кеңешчиси болуп иштеген.

Соттор кеңешүүчү бөлмөгө кетишип, юристтин өтүнүчүн четке кагуу чечимин кабыл алышкан. Алар бул чечимди Конституциялык палатанын төрагасы Дүйшеев Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштегени ишти калыс кароого эч кандай тоскоол болбойт деп түшүндүрүшкөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх