Бул нонсенс! Аңчылыкка мораторий киргизүү боюнча депутаттардын күтүүсүз чечимине таң калгандар көп (фото)
«Депутаттар, бир чечимге келсеңер боло, коомчулук силердин аракеттерден ирээттүүлүктү күтүп жатат»
Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоого алышкан жок. Парламент мүчөлөрүнүн чечими көптөгөн кыргызстандыктарды нааразы кылды, анткени, аталган документтерге каршы добуш бергендердин арасында анын демилгечилери да болгон.
Ал ортодо белгилүү эколог Анна Кириленко Vesti.kg сайтына берген маегинде четтетилген мыйзам долбоору канчалык маанилүү болгонун айтып берди.
- Биринчиден, мораторий жаныбарлардын беш түрүнө коюлмак, алардын экөө аркар-кулжа менен марал кызыл китепке киргизилген, - деп белиледи ал. - Жоголуу коркунучу алдында турган сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат берүү - бул нонсенс.
Эксперттин айтымында, депутаттардын жапайы жаныбарларды чарбачылыктарда багып, кийин жаратылышка чыгаруу сунушу орунсуз деп эсептейт.
- Бул экосистеманын табигый аракеттенишин эске албаган туура эмес кадам, - деп түшүндүрдү Кириленко. - Анткени, сөз болуп жаткан түрлөр ак илбирстин тамак базасы болуп саналат. Бул маанилүү, анткени, негизги жырткыч - илбирс барында ал альп шалбаасынын популяцисынын абалын жөнгө салып турат жана аны баккандар экосистеманын сакталышына абдан мааниси чоң.
Анна Кириленко ар бир жаныбар түрүнүн экосистемада өз орду бар экенин жана аны жөнгө салчу функцияга ээ экенин кошумчалады.
- Былтыр эле Жогорку Кеңеш жашыл экономика концепциясын кабыл алган, анда кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга моратий киргизүү керек айдан ачык жазылып турат. Кечээ боолсо, алар бул туура эмес жол деп айтып чыгышты. Депутаттар, өзүңөрчө бир чечимге келсеңер боло, биз - коомчулук силердин аракеттериңердин ирээттүлүгүн күтөбүз да. Мындан сырткары, мыйзам долбоорунун демилгечилери катары кырктан ашык депутат белгиленген, бирок, кечээ алардын айрымдары мораторий киргизүүгө эмнегедир каршы добуш беришти
Ал ортодо Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мыйзам долбооруна каршы добуш берген кесиптештеринин тизмесин жарыялады. Эл өкүлү мындай жыйынтык болорун күтпөгөнүн жашырган жок.
«Эл аралык ак илбирс күнүндө менин кесиптештерим сейрек жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу мораторий киргизүүгө каршы чыгышты. Биз айтканыбызды кылбайбыз. Мен документтин кош-демилгечисимин, тилекке каршы, иш сапарында болгондугуман мыйзам долбоору боюнча добушумду бере албай калдым. Аңчылыкка тыую салууга ушуну менен экинчи аракет көрүлдү. Добуш берүүнүн бул жыйынтыктарын эстеп калыңыздар», - деп жазган Бекешев.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төмөндөгү депутаттары демилгелешкен: Э. Байбакпаев, Э.Токтошев, З. Шарапов, К. Зулушев, Ж. Акаев, Г. Асылбаева, П.Тулендыбаев, А. Исмаилова, К. Рыспаев, Д. Бекешев, И. Гаипкулов, А. Юсуров, А. Султанов, К. Баймуратов, М. Жеенчороев, А. Абжалиев, Т. Мамытов, У. Примов, А. Мамашева, С. Айдаров, Б. Субанбеков, М. Мавлянова, А. Узакбаев, С. Нышанов, С. Жураев, А. Осмонова, А. Нурбаев, К. Жолдошбаев, Д. Исаева, А. Дюшалиев, М. Исаков, М. Мадеминов, А. Алтынбеков, Н.Тотонов, Б. Турусбеков, З. Жамалдинов, Д.Торокулов, Н. Никитенко, К. Иманалиев.
Зулайка Эркимбаева
Фото www