Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББнын башчысынын орун басары: Күндүзгү маалда фараларды жол кырсыктарын алдын алуу үчүн күйгүзүү керек

Иманалы Саркулов бул эрежени Сайдулла Нышанов божомолдогондой, чырактардан өндүрүүчүлөрү сүрөбөйт

Автоунаалардын фараларын күндүзгү маалда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн күйгүзүү зарыл. ИИМнин ЖКККББнын башчысынын орун басары Иманалы Саркулов Vesti.kg сайтына ЖК депутаты Сайдулла Нышановдун «өкмөт күндүз күн чайыттай тийип турган кезде унаалардын фараларын күйгүзүлбөгөнү үчүн айып пулдарды жоюшу керек» деген билдирүүсү боюнча ушундай жооп кайтарды.

Парламент мүчөсү бул эрежени чырактардын өндүрүүчүлөрү сүрөмөлөйт деген божомолун айткан.

- Бул эреже бир нече жыл мурда эле чыккан, - деп эске салды Иманалы Кадырбаевич. - Бизге АКШда чыгарылган унаалар келүүдө. Алардын кыймылдаткычы иштегенде дароо фаралары да өзүнөн өзү күйөт. Фараларды күндүз жол кырсыктарын алдын алуу үчүн күйгүзүү керек. Чырактардын өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыгындагы эреже деп айтуу туура эмес.

Муну менен бирге ЖКККББнын башчысынын орун басары мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө колдонуларын кошумчалады.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх