Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы: Аскер кызматкерлери менен мугалимдердин пенсияларын салыштыруу этикага жатпайт

 

Максат Мамытканов ЖКтин депутатынын окутуучулар менен атайын даярдыктагы жоокерлердин пенсиондук төлөмдөрүн теңдештирүү сунушун кескин сынга алды

Аскер адамдары менен мугалимдерди салыштыруу этикага жатпайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, ЖКтин депутаты Кенжебек Бокоевдин окутуучулар менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин пенсиондук төлөмдөрүн теңдештирүү сунушу боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Парламент мүчөсүнүн айтымында атайын даярдыктагы жоокерлер 45 жашта эле пенсионер аталышып, 10-12 миң сомдон айына алышат. Ошол эле маалда 40 жыл же андан да ашык эмгек тажрыйбага ээ мугалимдерге болгону 5-7 миң сомдон берилет.

- Ар бир эмгектин өзүнчө кайталангыс баага ээ. - Мугалим өз эмгеги үчүн татыктуу акы алууга тийиш жана мекендин сакчысы дагы күнүгө өз өмүрүн тобокелге салып, кызмат кылганы үчүн тиешелүү акысын алышы шарт. Алардын жумушу адилеттүү же адилетсиз бааланганын депутаттар чечиши керек. Эгерде парламент мүчөсүнө бул анчалык жакпай жатса, анда мыйзам деңгээлдинде пенсияларды теңдештирсин. Ал эми, мугалимдер менен аскер адамдарынын пенсияларын жөн гана салыштыруу - этикага жатпайт.

Мурдагы чекист парламент өкүлдөрүнөн мугалимдерге камкордук көрүмүш болуп, элди алдабоого чакырды.

-Депутаттар анда жоопкерчиликти өз моюндарына алып, тийиштүү чечим кабыл алышсын, - деп сунуштады Максат Мамытканов. - Бирок, кийин салыктар канчалык көбөйүп, бюджеттин дагы көбөйгөн чыгымдарына элдер кайдан акча табышарын көрүшсүн. Элдин мүмкүнчүлүгүн туура ченеп билүү керек. Биз ансыз деле тымызын мугалимдерге төлөп келебиз. Депутаттар мугалимдерге камкордук көрүмүш болуп, элди, биринчи ирет, мугалимдерди алдабасын. Биздин өлкө коррупцияга белчесинен баткан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх