Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин башчысынын мурдагы кеңешчиси: Чүй проспектине да Молдомуса Конгантиевдин ысымын берсе болот

«Улуу баламдын атын Конгантиевдин атынан, экинчисин Тариэл деп уулунун атынан койдум»

Бишкектеги Чүй проспектинин аталышын да ИИМнин мурдагы экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин ысымына өзгөртсө болот. Мындай оюн Vesti.kg сайтына анын мурдагы кеңешчиси Тимур Иманкулов бөлүштү.

Муну менен бирге Иманкулов 7-апрелдеги окуяларда жабыркагандар Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн ИИМнин экс-башчысынын ысымынын ыйгарылышына нааразы болгондор болушу мүмкүндүгүн да четке каккан жок.

- Бул алардын конституциялык укугу, - деп белгиледи ички иштер министринин мурдагы кеңешчиси. - Коомдо тигил же бул көрүнүштү колдогондор да ага каршы болгондор да дайыма чыгат. Мисалга, президент Жээнбеков деле бардыгына жага бербейт, Атамбаев бардыгына жага бербейт дегендей. Биздин өлкөдө демократия, сөз эркиндиги бар.

Ал ошондой эле, Молдомуса Конгантиев соттун чечиминин негизинде акталганын дагы эске салды.

- Мен уулумду Молдомуса Конгантиевдей эр жүрөк, антына аягына чейин турган чыныгы эркек болсун деп, атайын анын атынан койгом, - деп кошумчалады Тимур Иманкулов. - Экинчи баламды болсо Конгантиевдин уулу -Тариэлдин атынан койдум. Мен жетекчиликтин ордунда болсом Чүй проспектине анын ысымын ыйгармакмын. Ал мен үчүн адамдын, милиционер жана генералдын идеалы. ИИМнин системасында мындай киши эми, тилекке каршы, болбойт, анткени ал кыска убакытта кыргыз милициясынын күчүн кайтара алган эң мыкты кризис-менеджер болчу. Ички иштер органдарындагы бардык кызматкерлер ага окшош болсо, анда өлкөдө тартип өкүм сүрмөк. Мындай адамдар өлкөгө пайда алып келиш керек жана анын артында эч кандай күнөө дагы жок. Муну бардык соттук инстанциялар аныктап чыгышты.

Эске салсак, буга чейин Апрель революциясынын баатырларынын «Эр Теги» коомдук бирикмесинин мүчөсү Осунбек Жамансариев Vesti.kg сайтына берген маегинде ИИМнин экс-башчысы Молдомуса Конгантиевдин атынан көчөнү атоону 7-апрель окуяларында жабыркагандар эле эмес, Кыргызстанды бардык жарандарыр түшүнүшпөрүн билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх