Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадыр Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Кадыр Атамбаев менен чогуу өлкөгө келишкенин маалымдады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында аны менен кошо учуп келген КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирди.


Эске салсак, Кадыр Атамбаев үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Москвага аспирантурага тапшырганы кетип, бир жумадан кийин кайтып келерин айткан.
Муну менен бирге Темирлан Султанбеков ал Евразия элдеринин эл аралык ассамблеясынын Башкы кеңешинин жыйынына чакырылганын кошумчалады.

«15- ноябрда Санкт-Петербургда Евразия элдеринин эл аралык Ассамблеясынын Башкы кеңешинин жыйынында Евразия элдеринин жаштар Ассамблеясынын кош төрагалагына менин талапкерлигим көрсөтүлөт.
Чакырууга ыраазымын, мен жакшы көргөн Петербургга барып, элдик дипломатиянын өнүгүшүнө жана евразиялык интеграциянын тереңдешине салым кошууга кубанычта болом», - деп жазган КСДПнын мүчөсү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх