Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев боюнча соттордун чечими тууралуу: «Эч ким Конституциялык палатадагы орундарынан ажырагысы келбейт»

Юридика илимдеринин доктору КРнын ЖСнун КПнын соттору өз ойлорун ачык билдире баштаса, кандай артыкчылыктарынан кол жуушарын эске салды

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын мыйзамдуулугу боюнча Конституциялык палатанын чечими күтүсүүз деле болгон жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Конституциялык палатадан орун ээлегиси келгендер толтура, ошондуктан, алардын ичинде каршы сүйлөчү кишинин деле жоктугун түшүнсө болот, - деди ал. - Ал жактары судьялар жогорку эмгек маяна алышат, өзгөчө статуска, диппаспортко ээ, ал эми чечимдер коллегиалдык негизде кабыл алынат - жеке жоопкерчилик эч кимисинде жок. Андай деле көп милдеттерди аткарышпайт. Учурда Конституциялык палатанын судьялыгына бир нече бош орун бар. Жазында анын бир нече мүчөсүнүн дагы иш мөөнөтү аяктайт - соттордун жеке ойлорун ачык билдирбей, лоялдуулукту көрсөтүшкөнүнүн кыйыр себеби ушунда деп айтууга болот.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынын алынышын мыйзамдуу деп тапканын жазган эле.​

Муну менен бирге соттор экс-президент саясий жашоого катыша албайт жана саясий партияларга мүчө боло албайт деген жобону калтырууну дагы чечишкен.​

Бирок, учурдагы мамлекет башчысы өз актысы менен экс-президент макамын алып сала алгандыгы тууралуу жобону мыйзамсыз деп табышкан. Бул чечим акыркы болуп саналат жана кайра кароого жатпайт.

Вероника Малышева
Фото www

Эч ким Конституциялык палатадагы орундарынан ажырагысы келбейт»

Юридика илимдеринин доктору КРнын ЖСнун КПнын соттору өз ойлорун ачык билдире баштаса, кандай артыкчылыктарынан кол жуушарын эске салды

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын мыйзамдуулугу боюнча Конституциялык палатанын чечими күтүсүүз деле болгон жок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев бөлүштү.

- Конституциялык палатадан орун ээлегиси келгендер толтура, ошондуктан, алардын каршы сүйлөчү кишинин деле жоктугун түшүнсө болот, - деди ал. - Ал жактары судьялар жогорку эмгек маяна алышат, өзгөчө статуска, диппаспортко ээ, ал эми чечимдер коллегиалдык негизде кабыл алынат - жеке жоопкерчилик эч кимисинде жок. Андай көп милдеттери деле жок. Учурда Конституциялык палатанын судьялыгына бир нече бош орун бар. Жазында анын бир нече мүчөсүнүн дагы иш мөөнөтү аяктайт - соттордун жеке ойлорун ачык билдирбей, лоялдуулукту көрсөтүшкөнүнүн кыйыр себеби ушунда деп айтууга болот.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз

Наверх