Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия Атамбаев менен анын тарапташтарын укпайт

 Тергөөнүн кызыкчылыгында Фарид Ниязовду дагы суракка албоо чечими чыгарылган

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана СИЗОдо отурган анын тарапташтарынын көрсөтмөлөрүн укпайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын төрагасынын орун басары Бакытбек Раимкулов билдирди.

Анын айтымында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевди угууга каршы чыгышкан, анткени, алардын тергөөгө кийлигишкенге акылары жок.

- Фарид Ниязов комиссиядан андан көрсөтмө алууну сурап, жазуу түрүндө кайрылган, бирок комиссия мүчөлөрү анын бул өтүнүчүн тергөөнүн кызыкчылыгында четке кагышты, - деди Раимкулов. - Биз тергөө процессине кийлигише албайбыз.

Ал ошондой эле башка күбөлөрдүн жана окуянын жана башаламандыктын түздөн түз катышуучуларынын, анын ичиннде Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочуларынын көрсөтмөлөрү чогултулганын кошумчалады. Комиссия жакында өз бүтүмүн чыгарат.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх