Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдыгул Чотбаев: ИИМнин кызматкерлери менен сүйлөштүм - бардыгы сүйлөшүүлөрдү Курсан Асанов жүргүзгөнүн, Кашкар Жунушалиев ал жерде өзүн жоготуп, эмне кылышты билбей калганын бир ооздон айтышты

Ички иштер министри болсо Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн жана жанынан өзүнүн орун басарын көрбөгөнүн айтууда

Кой-Ташта күч түзүмдөрү тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция дүйнөдөгү бардык атайын кызматтардын окуу китептерине операцияны кантип ишке ашырбаш керектигинин мисалы катары кирет. Мындай оюн Vesti.kg сайтына запастагы генерал-полковник, КРнын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы Абдыгул Чотбаев бөлүштү.

- Кандайдыр-бир операция жүргүзүүдө бардык күч түзүмдөрү өз аракеттерин алдын ала макулдашыш керек, - деп белгиледи ал. -Балким, бул операция атайын кызматтар тарабынан башка күч түзүмдөрүнүн макулдашуусу жок жүргүзүлгөндүр? Кийин гана операция башталганда Ички иштер министрлигин айгай менен көтөрүшүп, милиционерлерди ал жакка эч нерсеси жок жөнөтүп жиберишкен. Менимче, бул операция УКМКга тиешелүү. Бул эч бир пайдасы жок, ойлонулбаган, акылсыз операция болду. Ал дүйнөдөгү бардык атайын кызматтардын окуу китептерине операцияны кантип ишке ашырбаш керектигинин мисалы катары кирбесе болду.

Муну менен бирге запастагы генерал-полковник ИИМнин башчысы мурдагы президенттин резиденциясына чабуул жасоо маалында өзүн жоготуп койгондой абалда жүргөнүн кошумчалады.

- Мен ал жерде болгон эмесмин, - деп сөзүн улантты Абдыгул Абдрашитович. - Бирок, мен беделдүү кызматтарды ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери менен баарлашкам. Алардын бардыгы сүйлөшүүнү Курсан Асанов жүргүзгөнүн, ал эми Кашкар Жунушалиев өзүн жоготкондой, эмне кылаарын билбей жүргөнүн бир ооздон айтышты. Эч ким менен эч кандай сүйлөшүү кылган эмес. Жеңүүчүлөр менен баатырлар дайыма көп чыга келет, ал эми жеңилүү бир гана.

Тактай кетсек, ички иштер министри Кашкар Джунушалиев «Акипресс» МА интервью берип, 7-8-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясында болуп өткөн окуялардын хронологиясын айтып берген.

ИИМнин башчысы Кой-Таш айылындагы окуяларга чейин ал Кытай жарандары менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыккан Солтон-Сарыда болгонун тактап кеткен.

Жунушалиевдин айтымында, ал Атамбаевдин резиденциясында болуп жаткан кырдаалды уккандан кийин дароо ал жерге ошол маалдагы орун басары Курсан Асановду жөнөткөн. Аны менен бирге министр дагы бир орун басары Алмаз Орозалиевди дагы жиберген. ИИМнин башчысы учурда эмне себептен Орозалиев келгичекти чаралар көрүлбөгөнү боюнча иликтөө жүрүп жатканын бегилеген.

Мындан сырткары, Кашкар Жунушалиев 7-августта Кой-Ташта УКМКнын атайын кызматы аларга чейин эле иш алып барып жатышканын билбегенин жашырган жок. Ал 8-августтан тарта коомдук тартипти милиция кызматкерлери камсыздап башташтканын айткан.

ИИМнин башчысы Алмазбек Атамбаев менен эки жолу сүйлөшүп чыкканын дагы бир ирет белгилеген. Анын айтымында, ошол маалда анын жанынан ал Курсан Асановду көргөн эмес.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх