Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын экс-спикери парламентке «ток» жана бай депутаттар гана керек экенине кошулбайт

Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңеште мандат товарга айланып кеткенинен бизнесмен депутаттар көбөйгөнүн белгиледи

Бай депутаттардын коомчулукка тийгизген пайдасы аз. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков эл өкүлү Кожобек Рысбаевдин «парламентке ток гана кишилер келиши керек» деген сөзү боюнча бөлүштү.

- Көп акчасы бар парламент мүчөлөрү учурда өз каражаттын сактап калуу менен көбүрөөк алек, андыктан, алардын коомго тийгизчү пайдасы деле аз, - деп түшүндүрдү мурдагы төрага. - Бизнес күнүнө 24 саат иштөөнү талап кылат. Жогорку Кеңеште да ошондой. Ошондуктан, үй-тиричилик көйгөйлөрү менен гана убара адамдар көбүрөөк пайда алып келмек.

Ишенбай Дюшенбиевич Жогорку Кеңешке колунда жок деле киши келе аларын, бирок, ал үчүн башка талапкерлерден өзгөчөлөнүп турушу керектигин кошумчалады.

- Колунда жок депутаттар - чанда гана, албетте, - деди ал. -Анткени, бүгүнкү күндө мандат товарга айланып кеткен, шайлоо асман чапчыган каражаттарды талап кылат. Жалгыз лидердин колунан келбейт, мындан улам акча алууга мажбур болот. Ал эми, эгерде парламентке бизнесмен эмес бирөө келсе, демек, ал өзгөчө, партиянын лидери андан принципиалдуулукту жана сабаттуулукту көрө алган. Болбосо, талапкерлердин тизмесине кириш өтө кыйын.

Бүгүн интернет айдыңында кыргызстандыктар депутат Кожобек Рыспаевдин Жогорку Кеңешке «ток» жана ийгиликтүү адамдар гана келиши керектиги жөнүндө айткан сөзүн кызуу талкууга алышууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх