Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бул акыркы тамчы болушу мүмкүн». Суунун тарифтеринин кымбатташы митингдерге алып келеби?

Соцтармактар кыжырданууда, эксперт бийликке тарифтердин кымбатташы эмнеден келип чыканын түшүндүрүүгө чакырууда

Дүйнөлүк ченем менен алганда Кыргызстанда ичүүчү таза суунун наркы абдан аразан, ал эми биздин мекендештер ага акча төлөбөнгө көнүп калышкан. Бирок, бул мындай эмес. Тарифтерди кымбаттуу мүмкүн чындыгында керектир, бирок, мамлекет элге мындай чаранын себебин түшүндүрүп бериши керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Рита Карасартова бөлүштү.

- Салыктар же кандайдыр-бир спецификалык төлөмдөрдүн кымбатташы коомчулукта анчейин деле толкундоолорду жаратпайт. Бирок, маселе суу же электр жарыгы жөнүндө болгондо нааразычылыктар болушу мүмкүн, - деди ал. - Көйгөй - элге товар же кызматтын наркы эмне себептен жогорулаганын айтышпаганында. Эсимде, мен өзүм айылга барып, эмне үчүн сууга акча төлөө керектигин түшүндүрчүмүн.

Рита Рахмановна водопровод тутумдары эскирерин, ал эми кызматчыларга айлык акы төлөө керектигин, андыктан, тарифтердин жогорулашынан качуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

- Өлкөдө абал курч, сууга төлөнчү акынын жогорулашы элдин сабырынын «акыркы тамчысы» болуп калышы мүмкүн. Бийлик элге бул боюнча түшүндүрмө бериши керек, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Тактай кетсек, кечээ Бишкек шаардык кеңеши муздак суунун тарифин кымбаттатуу чечимин кабыл алган. Эми сунун бир кубометри үчүн калк мурдагы 5,38 сомдун ордуна 8,1 сом төлөп башташат, ал эми ишканалар үчүн тариф 7,38 тыйындан 9,1 сомго кымбаттаган.

Канализация үчүн дагы бишкектиктер мындан ары көбүрөөк төлөп баштайт. Калк үчүн тариф 1, 2 сомдон 2,3 сомго жогоруласа, ишканаларга 3 сомго кымбаттаган.

Шаардыктарды мындай өзгөрүүлөргө нааразы болуп, айрымдары ал тургай Бакиевдин маалындагы электр жарыгынын кымбатташы элдик толкундоолорго алып келген себептердин бири болгонун эске салышты.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх