Мурдагы президенттин тарапташы Алга Кылычев үй камагына бошотулду
Үй камагына чыгууга ага тергөө менен кызматташуусу жардам берди
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири - Алга Кылычев үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Буга чейин ал тергөө менен кызматташууга макул болгон, буга байланыштуу тергөөчүлөр анын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча өтүнүч жиберишкен.
Сотто Кылычев үй камагына эки жума мурда эле чыгарылганын белгилешти.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз