Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын экс-вице-спикери: Учурда Кыргызстан өнүккөн жок, алдыга карай жылыш жок

Кубанычбек Исабеков депутаттардын партиялар үчүн шайлоодогу босого чекти ылдыйлатуу идеясын колдойт. Бирок, мыйзамдын кабыл алынарына анын күмөнү чоң

Эгерде азыр Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, шайлоо күрөөсүн ылдыйлатпаса, өлкөбүздө эч кандай өнүгүү болбойт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ЖКнын мурдагы экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков бөлүштү.

Тактай кетсек, депутаттардын тобу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Парламент мүчөлөрү шайлоодогу босого чекти 9 пайыздан 5 пайызга түшүрүүнү жана шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго азайтууну сунушташууда. Мыйзамдын демилгечилеринин арасында Исхак Масалиев, Наталья Никитенко, Жанар Акаев, Дастан Бекешев, ошондой эле Мирлан Жеенчороев бар.

- Мен босого чекти азайтуу керектигине толук кошулам, болбосо, Жогорку Кеңешке чөнтөгү калың партиялар гана өтөт, - деди Кубанычбек Сатиндиевич. - Мындай партияларга жалаң чириген байлар гана кире алат. Парламентте элдин үнү болбой калат, эч ким алардын - бийликтин оюна каршы келген пикирин жеткирбейт.

Исабеков учурдагы парламент шайлоодогу босого чекти азайтпаса, депутаттар отставкага кетиши керек деп кошумчалады.

- Азыр биздин өлкө өнүкпөй эле, алдыга карай жылыш жок, ал эми эгерде Жогорку Кеңешке жалаң байлар гана келсе, анда биз такыр эле артка кетебиз, - деп эскертти ал. Парламентке жаштар менен аялдардын көбүрөөк келишине аракет кылыш керек. Бирок, бийлик бул мыйзамды кабыл алдырырарына күмөнүм чоң.

Муну менен бирге демилгечилердин бири Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде өзгөртүүлөрдүн кабыл алынуусуна коомчулуктун колдоосу менен гана жетүүгө мүмкүн болорун белгиледи.

- Эгерде, жарандык коом бизди колдосо, анда мыйзам кабыл алынат, - деп ишенет ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх