Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри: Азиз Суракматовдун мага айткан сынын туура деп эсептейм

Татьяна Кузнецова бардык багыттар боюнча иштерди күчтөндүрөрүн убадалады

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов вице-мэрлерди шаардык кызматтардын начар иши үчүн сынга алды. Бул тууралуу ал пландуу кеңешмеде билдирген.

Ал ортодо социалдык маселелер боюнча вице-мэр Vesti.kg сайтына берген маегинде Суракматовдун сын-пикирине кошуларын белгиледи. Анын айтымында, алар бардык багыттар боюна иштерди жакшыртышат.

- Жетекчи айтып жаткан сынга мен эмне дей алам? - деди Кузнецова. - Биз бардык багыттар боюнча иштерди жакшыртабыз. Мектептерди тамак менен камсыз алууну уюштуруу боюнча иштерди күчтөндүрөбүз. Күзгү-кышкы мезгилде даярдык көрүү маселеси боюнча: бардык мектептер даяр, бирок, жылуулук кошууда, авариялар болушу мүмкүн. Бирок, биз аларды болтурбоого аракет кылабыз.

Тактай кетсек, шаар башчысы үч вице-мэр - Татьяна Кузнецова, Азизбек Алымкулов жана Уланбек Азыгалиевге оозеки эскертүү берген.

«Мен вице-мэрлерди биздин шаардык кызматтарды иштетип башташын суранам. Алар кеңешмелерге даярдыксыз, жөн эле отуруп, кайра кетүү үчүн келишет. Биз бул жерде кийинки кадамдарыбызды талкуулоо үчүн чогулабыз да. Кээ бир маселелер бизде жылдап чечилбейт. Мынтип иштей берсек, эч кандай натыйжа болбойт. Мына, бир жыл мурда сүйлөшүлгөн 14 маселе, алар дагы деле чечиле элек»,- деп баш чайкаган Суракматов.

Мындан сырткары, ал муниципалитеттин өкүлдөрүнүн иш-аракеттери жанданбаса вице-мэрлердин ыкчамсыз иши маселесин дисциплинардык комиссияга киргизерин кошумчалаган.

«12-14 күндөн кийин биз маселени кароого кайра келебиз. Эгерде иштер башталбаса, анда мен дисциплинардык комиссияга маселени киргизем. Тоту кушка окшоп улам кайталап, качан аткарышат деп чексиз күтө бергенге мен даяр эмесмин. Же силер аткаргыла же силердин ордуңарга башка адамдар муну аткарат», - деген ал.

Суракматов өзүнүн орун басарларын бир катар сындап келген. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ал Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын алдында бети кызарып отурганды каалабасын билдирген. Мунун себебин ал мэриянын жаңы структуралык бөлүмдөрүнүн ошол бойдон иштеп баштабаганы менен түшүндүргөн.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх