Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Белгилүү 15 саясатчы Курсан Асановду колдогон катка кол коюп,президентке жөнөтүштү

«Ал Жээнбеков Ош облусунун губернатору кызматын ээлеп турган кезде аны саткан эмес»

Кыргызстанда көрүнүктүү ишмерлердин тобу ИИМнин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановду колдоп, президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат менен кайрылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖКнын мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Катта Асановду «Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатканы үчүн» деген жүйө менен кызматынан алуу коомчулукка абалды ачыктабай, тескерисинче түшүнбөстүктү күчөткөнү жазылган.

Катка кол койгондор:

Медеткан Шеримкулов,
Абдыганы Эркебаев,
Өмүрбек Текебаев,
Феликс Кулов,
Темир Сариев,
Камчыбек Ташиев,
Кубатбек Байболов,
Марат Иманкулов,
Абдыгул Чотбаев,
Асия Сасыкбаева,
Каныбек Осмоналиев,
Камила Талиева,
Эркин Булекбаев,
Жылдызкан Жолдошева,
Жолборс Жоробеков.

Жолдошеванын айтымында ал Асановду көп убакыттан бери тааныйт. Кызматын дайыма татыктуу аткарганын айтты.

- Эгерде Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзбөгөндө, абал эмне менен аяктаары белгисиз, - деди мурдагы парламент мүчөсү. -Мен Асановду ал Свердлов РИИБнын жетекчиси болуп иштеген кезинен бери тааныйм. Түштүктөгү улут аралык жаңжалда Убактылуу өкмөт андан Оштун коменданты болуусун суранган. Ал ошол жаңжалды токтото алгандардын бири. Ал анда мамлекетти, элди, ал маалда Ош облусунун губернатору кызматын ээлеп турган ошол эле Жээнбековду да саткан эмес. Кантип ушундай адам ИИМди сатсын?
Мындан сырткары, Жолдошева мамлекет башчысы Конституциянын гаранты катары алардын катына жооп бериши керек деп кошумчалады.

Өз кезегинде катка өз колун койгон УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов Vesti.kg сайтына ага Асановдун туугандары жана достору кайрылып, анын иши боюнча болуп жаткан кысым жана адилетсиздик жөнүндө айтып беришкен.

- Мен биздин президент бул ишке көңүл бөлүп, тергөө процессин өз көзөмөлүнө алса деп катка кол койдум, - деп тактады Марат Муканович. - Тергөө калыс жана адилеттүү болушу керек. Курсан Асанов эң татаал абалда өз милдеттерин так аткарган. Тергөө органдары бул жагдайды баары бир эске алышы керек.

Катка койгон дагы бир ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева коомчулукка генерал Асановго каршы козголгон кылмыш ишинин анык себебин жеткирүү үчүн катка кол койгонун Vesti.kg сайтына билдирди.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 8-августта Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү жүргүзүп,аны Кой-Таштагы үйүнөн алып чыгат. Көчөдөн аларды ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиев тосуп чыккан.

13-августта Асановду «ишенимди жоготкону үчүн» жана «кыргыз милициясынын кызыкчылыктарын сатканы үчүн» деп отставкага кетирилген. 14-августта ал Аскер прокуратурасына сотко чейинки өндүрүш алкагында суракка чакырылган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх