Бишкекте жакында адамдын жүзүн тааныган камералар пайда болот
Атайын видеокамераларды орнотуу кимдин эсебинен каржыланганы азырынча белгисиз себептерден сыр бойдон калууда
Бишкектиктердин коопсуздугун камсыздоо жаңы деңгээлге чыгууда. Борбор калаада адамдардын жүзүн тааныган атайын видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу КРнын ИИМде маалымдашты.
Мекемеде алар менен иш алып барчу Бишкектин ШИИБнын Санариптешкен командалык борбору түзүлүүдө. Алар адамдын өздүгүн аныктоо жана жүзүн таануу менен коомдук коопсуздукту камсыздоону байкоо, жарандардын коопсуздугу, жол кыймылынын коопсуздугу, ошондой эле жарандардын маалымат, билдирүүлөрүнө ыкчам чара көрүү жана кылмыш иштеринин бетин ачууну көбөйтүү боюнча иш алып барышмакчы.
«Демөөрчүлөрдүн каражаттары менен адамдын жүзүн таануучу 60 камера алынып, учурда алар орнотулуп, ишке берилүүдө», - деп маалымдашты басма сөз кызматында.
Бирок, аппараттар кайсыл жерлерде орнотуларын жана ким демөөрчү болгонун министрлик тактаган жок.
- ИИМ мындай маалыматты бербейт, - деп жооп беришти алар Vesti.kg сайтына. – Системанын расмий ачылышы 31-октябрда президенттин катышуусунда өтөт. Балким, ошондон кийин маалымат ачыкталат.
Ольга Федорчук
Фото www