Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Зулпукаров, кыязы, кыларга иши жогунан ашкере байлык үчүн салык киргизүүнү ойлоп тапкан го

Асылбек Аюповдун айтымында мындай идеяны ишке ашыруу көптөгөн убакытты жана бюджеттен ашыкча каражатты талап кылат

Кыргызстанда «ашкере байлык» үчүн салык киргизүү керек. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында өлкөнүн бюджетине миллиарддаган сомдор түшпөй калып жатат. Мындан сырткары, Зулпукаров автоунаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берип, ал үчүн чегерүүлөрдү алып турууга болорун айткан.

«Ашкере байлык үчүн салык бар, сиздер муну карап чыгышыңар керек. Эгерде аткаминердин же бизнесмендин мүмкүнчүлүгү болсо, ал көбүрөөк салык төлөш керек. Бирок, муну калктын бардыгына тийбегендей кылып иштеп чыгуу керек»,- деди эл өкүлү.

Ал ортодо көз карандысыз эксперт-экономист Асылбек Аюпов эл өкүлүнүн идеясын колдоого алган жок. Vesti.kg сайтына ал Зулпукаровдун демилгесин «бекерчилик» менен түшүндүрсө болорун белгилеген.

- Бул салыкты киргизүү менен бир нерсени өзгөртүүгө болоруна көзүм жетпейт, - деген пикирин билдирди Аюпов. - Салыкты чогултуунун механизмдерин даярдоого көп чыгым кетет. Көңүл бөлүүнү талап кылган башка көйгөйлөр да толтура. Депутат «кыларга иши жогунан» ушундай идея сунуштаган го.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх