Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Тиллаев: Кыргызстандык жаран белгисиз себептер менен Тажикстандын атайын кызматтары тарабынан кармалды

 Парламент мүчөсү мындай учурлар көбөйүп жатканын белгиледи

Баткен облусундагы айылдардын биринин жашоочусу чек араны кесип өткөндүгү үчүн Тажикстандын атайын кызматтары тарабынан кармалган. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

- Ал учурда белгисиз себептерден улам абакта кармалууда экен, - деди парламент мүчөсү. - Ал тилкеде расмий чек ара жок. Тийиштүү кызматтарга тапшырма берүүнү суранам, аталган жаранды мекенге алып келүү боюнча иштерди аткарышсын. Акыркы убакытта коңшулаш мамлекеттин коопсуздук органдары тарабынан биздин жарандардын кармалган учурлары көбөйүп жатат.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх