Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Арапбаев декларацияда көрсөтүлбөгөн фирмалар туурасында: Мунун бардыгы суу кечпеген калп

Депутат «Оштогу ири бизнесин жаап жашырган» деген маалыматты четке какты

ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев кош негиздөөчүсү болуп эсептелген фирмаларды салык декларациясына кошпой койгондугу айтылган маалыматты четке какты. Economist.kg сайтында жарыяланган маалымат боюнча парламент мүчөсү Vesti.kg сайтына ушундай пикирин билдирди.

Порталдын маалыматтарында эл өкүлү депуттардын ишмердүүлүгү туурасындагы негизги мыйзамды бузган. Мыйзамда ЖКнын депутаты бир эле маалда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта тура албасы, ишкердик менен алектене албасы, коммерциялык ишкананын жетектөөчү органынын же байкоо кеңештин курамына кире албасы айтылат.

Юстиция министрлигинин ачык маалыматтарында Арапбаев төмөнкү компанияларда үлүштөргө ээ экени белгиленет:

- «Ош-Ойл ЛТД» ЖЧК. Газды берүү жана бөлүштүрүү менен алектенет;

- «Даннур-Юг» ЖЧК. «Ишмердүүлүк» графасында кыш, черепица жана башка бышкан чоподон жасалчу курулуш заттары деп көрсөтүлгөн";

- «Ала-Арча кыш заводу» ЖЧК (Бишкек). Буга чейинки ишкананыкына окшош эле ишмердүүлүккө ээ;

- «Азия-Юг» ЖЧК. Ош шаарында такси кызматтарын көрсөтөт;

- «УзгенЭнергоУголь» ЖЧК. Ачык ыкма менен күрөң көмүр жана битумдук көмүрдү казуу менен алектенет.

-Мунун бардыгы суу кечпеген калп, - деп ишендирди Азамат Арапбаев. - Жакшылап текшеришсин.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх