Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алтынбек Сулайманов - Өнөр жай, экономика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарына: Бизге экономиканы үйрөтүп, башыбызды чакпаңыз

Депутат Карыбек Ибраевге парламент мүчөлөрүнө акыл үйрөтөрдөн мурда алгач өзү маселени жакшылап түшүнүп алуунун сунуштады

ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарына кайрылып жатып, аны парламент мүчөлөрүн экономиканы үйрөтпөшүн сурады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издеп, чалгындоо жана казуу максатында жер казыналарынын геологиялык изилдөөлөрүнө байланышкан ишмердүүлүккө тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

- Бизге акыл үйрөтөрдөн мурда силер өзүңөр экономиканы жакшылап түшүнүшүңөр керек, - деди эл өкүлү. - Бүгүнкү күндө Миң-Куш жана Майлуу-Суунун абалдары кандай? Биз бул калдык сактагычтарды карай албай, бүткүл дүйнөдөн жардам сурайбыз. А силер бул жерде заманбап технологиялар менен иштесе болорун айтып жатасыздар? 50 жыл өтсө да биз кыйынчылыктарды сезип келебиз. Уран адамзатына зыяндуу экенин кантип түшүнбөйсүңөр? Элдер митингге чыгып, буга каршы болгондо кайда жүрдүңөр эле? Анан бүгүн келип алып бизди үйрөтөсүңөр.

Муну менен бирге Сулайманов Ибраевге отургандардын баштарын чакпашын айтты. Ал комитеттин төрагасынын орун басары эгерде өз милдетттерин аткарууга алы келбесе, ӨЖЭЖКМКна жактоочу болуп ишке орношуусун сунуштады.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх