Икрамжан Илмиянов 7 жылга эркинен ажыратылды
Сот, мындан сырткары Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчисинин мүлкүн конфискациялоо токтомун чыгарды
Бишкектин Октябрь райондук соту Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго өкүм чыгарды.
Айыптоочу тарап Илмияновду 7 жарым жылга кесип, 180 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөтүүнү суранган.
Жыйынтыкта, судья Дамирбек Назаров Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчисин күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратып, 160 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Илмиянов жабырлануучуга 10 миң сом төлөп бериши керек.
Эске салсак, Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын октябрь айында Россияда кармалып, Бишкекке алып келинген.
Ага «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз