Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жактоочу Курсан Асановдун иши боюнча бардык тергөө тобун четтетүүнү талап кылууда

«ИИМнин экс-орун басарына сурак алдында анын укуктарын түшүндүрүүдө тергөөчү КПКти өз билишинче чечмелеген. Демек, бардыгынан сурак алууда деле мыйзам бузууларга жол берилген»

2019-жылдын 7-8-августтарындагы окуяларды иликтеген тергөө тобун четтетүү боюнча арыз түштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

- Кечээ Курсан Асанов бул иш боюнча күбө катары суракка чакырылган, - деди ал. Тергөө тобунун жетекчиси процедурага ылайык, анын укуктарын түшүндүрө баштаган. Бирок, ал айткан нерселер Кылмыш-процессуалдык кодексинде каралган эмес. Ал аны өз билишинче чечмелей баштаган.

Демек башка күбөлөрдү деле тергөөчү мыйзам бузуу менен суракка алганын түшүнсө болот. Ошондуктан, бардык сурак протоколдорун жарамсыз деп табуу керек.

- Асанов күбө катары жүрүп жатса дагы Аширходжаев тергөөнү айыптоочу багытта алып барууда, - деп эсептейт Айткулов. – Мындан сырткары, алар ички иштер министрине баш ийишет, ал эми Кашкар Жунушалиев - Асановдун ишинин белгилүү бир жыйынтык менен аякташына кызыкдар болгон бирден бир киши. Ал тургай, ал «милициянын кызыкчылыгын сатуу» жөнүндө маалыматты материалдар прокуратурага берилгиче эле жарыялап жиберген. Анын кол алдындагы бардык кызматкерлер бул багытта мыйзамды бузуу менен иштешүүдө.

Ушул үчүн Икрамидин Айткулов ишти бака мекемеге: же Аскер прокуратурасына же Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүп берүүнү талап кылууда. Эгерде Башкы прокуратура баш тартса, ал сотко кайрылмакчы.

- Ошондой эле биз Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асановдун иштеринде тергөө группасы жол берген көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу Эркекбек Аширходжаевдин өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз даярдап жатабыз. Эгерде Башкы прокуратура баш тартса, биз көзөмөл органынын өзүнүн жетекчилигинин жоопкерчилиги тууралуу маселени ортого салабыз.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх