Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмоктун биринчи вице-мэри: Шаарды жылуулук менен камсыздоо көйгөйүн чечүүгө болот

Кадырбек Чотпаев жергиликтүү тургундар жылуулуксуз калбайт деп ишендирди

Токмокту жылуулук менен камсыздоо маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына берген маегинде шаардын биринчи вице-мэри Кадыр Чотпаев ЖКнын депутаты Элвира Сурабалдиеванын бул кышта Токмоктун жашоочулары жылуулуксуз калышы мүмкүндүгүн айтканы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

- Финансы министрлиги акча каражатын которуп бериши керек, - деди Чотпаев. - Бул ишканалардын жылуулук энергиясын иштеп чыгарууга кетирген чыгымдары үчүн калктын субсидиялары. Бүткүл республика боюнча мындай акча төлөнөт. Бирок, эмнегедир «Токмок Жылуулук» МИ аркылуу дайыма кечигүү менен келет. Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен 33, 5 млн сомдун бөлүнүшү күтүлүүдө. Өкмөт Минфиндин бул чечими боюнча кабардар.
Токмоктун биринчи вице-мэри мындай көйгөй 2012-жылдан бери келе жатканын белгиледи.

- Бул быйыл эле пайда болгон көйгөй эмес, - деди Чотпаев. - 2012-жылдан бери кайталанып жатат. Жылуулук сезону башталгыча Минфин баары бир бул акчаны дайыма бөлүп келет. Бирок, кечигүү менен. Калганы - кадимки тартипте. Өкмөт бизди бул көйгөй менен жалгыз калтырып койгон учур эч качан болгон эмес. Бул жылы деле көйгөй чечилет деген ойдомун.

Тактай кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Токмок шаарынын депутаттарынын шаардын жылуулук менен камсыздоочу ишканалары күзгү-кышкы сезонго даяр эместигин айтып кайрылышканына көңүл бөлгөн. Эл өкүлүнүн айтымында, Токмоктун жашоочулары быйыл жылуулуксуз калышы мүмкүн.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх